Кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү
Басылмалардын датасы: 12.06.2023
Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилди, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 6 миң гектарга аз. Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянттарына карата азайышы май өсүмдүктөрүнүн – 14%, дан буурчактар – 11%, пахта өсүмдүктөрүнүн - 10%, көп жылдык чөптөр - 3%, жаздык буудайдын жана жаздык арпанын – 1% кыскарышына байланыштууу болду.
Муну менен катар кант кызылчасынын айдоо аянты 4 миң гектардан ашык, дандык жүгөрү - 4 миң гектарга жана картошка - 0,5 миң гектарга көбөйдү.
23-майына карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөр боюнча себүү
|
Себилди -бардыгы, миң гектар |
Пайыз менен |
||
2022 |
2023 |
өткөн жылдын ушул эле күнүнө |
2022-жылы жаздык өсүмдүктөр себилген аянтка |
|
Себилди-бардыгы |
666,5 |
660,7 |
99,1 |
96,6 |
арпа |
221,6 |
220,0 |
99,3 |
97,8 |
буудай |
101,4 |
100,4 |
99,0 |
97,5 |
дандык жүгөрү |
97,2 |
101,2 |
104,1 |
103,4 |
дан буурчактар |
55,3 |
49,1 |
88,9 |
87,3 |
картошка |
47,3 |
47,8 |
101,0 |
101,5 |
жашылча |
34,0 |
34,0 |
100,1 |
103,0 |
май өсүмдүктөрү |
17,2 |
14,7 |
85,6 |
84,1 |
пахта |
21,1 |
19,1 |
90,1 |
88,2 |
кант кызылчасы |
8,8 |
12,9 |
145,6 |
143,6 |
көп жылдык чөптөр |
29,5 |
28,7 |
97,2 |
86,9 |
Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң салыштырма үлүшү Чүй облусунун чарбаларына 34% жогору, Ош облусунун чарбаларына 15%, Ысык-Көлдө облусунун чарбаларына 14% жана Жалал-Абад облусун чарбаларында 13% туура келди.
23-майына карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши
|
Себилди - бардыгы, миң гектар |
Пайыз менен |
||
2022 |
2023 |
өткөн жылдын ушул эле күнүнө |
2022-жылы жаздык өсүмдүктөр себилген аянтка |
|
Кыргыз Республикасы |
666,5 |
660,7 |
99,1 |
96,6 |
Баткен облусу |
45,5 |
43,8 |
96,2 |
99,2 |
Жалал-Абад облусу |
88,3 |
88,1 |
99,8 |
98,1 |
Ысык-Көл облусу |
99,5 |
93,5 |
94,0 |
92,0 |
Нарын облусу |
31,7 |
30,7 |
96,9 |
79,6 |
Ош облусу |
99,7 |
100,5 |
100,8 |
95,0 |
Талас облусу |
77,0 |
73,8 |
95,8 |
93,8 |
Чүй облусу |
222,8 |
228,0 |
102,3 |
102,1 |
Ош ш. |
2,0 |
2,3 |
119,4 |
119,4 |
Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым айыл аймактарында жаздык эгиндерди себүү иштери улантылууда.
Маалымдама: 2022-жылы 2023-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндердин себүү айянты 141 миң гектардан ашыкты же 2021-жылга карата 100 пайызды түздү, анын ичинен Талас облусунун чарбаларында күздүк өсүмдүктөрдү себүү 20 пайызга жана Ысык-Көл облусунда 38 пайызга көбөйдү.
Айыл чарба
статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43, 32 46 21
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).