Жалал-Абад облусунда айыл чарба каттоосу кандай өтүүдө

Басылмалардын датасы: 26.03.2026


2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусуна барып, айыл чарба каттоосунун жүрүшү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө төрага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен жолугушту. Анда аймакта каттоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери, анын ичинде айдоо аянттары, малдын саны, жер пайдалануунун түзүмү жана айыл чарба өндүрүшүнүн негизги багыттары боюнча маалыматтарды чогултуу талкууланды.

Ошондой эле Сузак районунун акими Дамир Кулубаев менен жолугушуу болду. Анда каттоону өткөрүүнүн актуалдуу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана чогултулган маалыматтардын толуктугу менен тактыгын камсыз кылуу каралды. Маалыматтарды эсепке алуу жана иштетүү үчүн санариптик инструменттерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бул статистикалык маалыматтардын ыкчамдыгын жана тактыгын жогорулатары белгиленди.

Иш сапарынын алкагында Бактыбек Кудайбергенов Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы чарбага барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул ишкана малды багуунун жана тоюттандыруунун заманбап ыкмаларын колдонууга адистешкен. Ишкана эт багытындагы ангус тукумундагы ири мүйүздүү малды өстүрүү менен алектенип, бул тукум жогорку эт өндүрүмдүүлүгү, ар кандай климаттык шарттарга жакшы ыңгайлашуусу жана продукциясынын сапаттуу даамы менен айырмаланат.

 


Акыркы жаңылоо: 26.03.2026, 10:47