Республиканын коммерциялык банктары экономиканын финансы секторунун пайдасынын дээрлик эки эсеге көбөйүшүн камсыз кылышты

Басылмалардын датасы: 18.04.2023


2022-жылы экономиканын финансы секторунда 635 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 594 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.

2022-жылы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйүү менен 106 миллиард сомго жакындады, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.

Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2022-жылы 1,5 эсеге өстү жана 67,1 млрд. сомду түздү.

Экономиканын финансы секторундагы уюмдардын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү
 (млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы

чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2021

2022

2021

2022

2021

2022

Бардыгы

63 957,4

105 983,7

43 450,7

67 093,8

20 503,2

38 846,6

Банктар

52 677,6

92 597,6

35 677,6

57 844,4

16 995,9

34 715,2

Күрөөканалар

1 311,7

1 127,9

1 101,3

670,3

210,4

452,2

Кредиттик союздар

240,4

237,5

189,7

164,5

51,5

73,0

Микрокредиттик уюмдар

8 081,4

9 106,6

5 109,5

5 898,5

2 971,7

3 208,2

Камсыздандыруу уюмдар

1 588,5

2 857,5

1 331,9

2 479,2

256,6

378,3

Инвестициялык фонддор

5,9

6,0

1,8

1,9

4,1

4,1

Башка уюмдар

51,9

50,6

38,9

35,0

13,0

15,6

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунда оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 39 млрд. сом пайда суммасында алынды, бул 2021-жылга караганда дээрлик 2 эсеге көп. Пайданын өсүшүнүн жалпы суммасынын дээрлик 97 пайызы банк секторуна туура келген.

2022-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 66% га жакынын түздү, ал эми уюмдардын 14,3%ы чыгаша алды.

Жалпы экономиканын финансы секторунун активдеринин кирешелүүлүгү 4,7% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (14,3%) күрөөканалардын жана микрокредиттик уюмдардын (9,7%) арасында байкалды. Коммерциялык банктардын активдеринин кирешелүүлүгү 2021-жылдагы 1,2%дан 2022-жылдагы 5,8%га чейин өстү, бул 2022-жылы алар тарабынан алынган пайданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болгон.

2022-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 238,5 млрд. сомду түздү. Банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85,6%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын секторуна 14,4%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%), керектөө муктаждыктары (20%), айыл чарбасы (18%), ипотека (11% жакыны) жана курулуш (6,5%) болуп саналды.

 

Финансы статистикасы бөлүмү         |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;          |тел. + 996 (312) 626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.04.2023, 17:04