Кыргыз Республикасы БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги форумунда Экинчи Улуттук ыктыярдуу баяндамасын сунуштады

Басылмалардын датасы: 24.07.2025


Кыргыз Республикасы БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин алдында өтүүчү Туруктуу өнүгүү боюнча Жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында Экинчи Улуттук ыктыярдуу баяндаманы ийгиликтүү сунуштады.
 
Кыргызстан 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин улуттук өнүгүүнүн стратегиялык негизи катары карайт. Туруктуу өнүгүү максаттары улуттук деңгээлдеги негизги стратегиялык документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясына жана 2030-жылга чейинки Өнүгүү программасына интеграцияланган.
 
Улуттук ыктыярдуу баяндама 17 максаттын ичинен 16сын камтып, инклюзивдүү, адилеттүү жана туруктуу коомду курууга болгон Кыргыз Республикасынын бекем умтулуусун чагылдырат. Документте жакырчылыкты кыскартуу, социалдык коргоо тутумун модернизациялоо, адамдык капиталды өнүктүрүү, санариптештирүү, калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
 
Баяндамада мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо, кайра жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоого кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле гендердик теңдикти илгерилетүү жаатындагы маанилүү жетишкендиктер белгиленди.
 
Айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана «жашыл» экономикага өтүү маселелерине өзгөчө басым жасалды. «Эч кимди артта калтырбоо» принциби мамлекеттик саясаттын бардык багыттарын коштоп жүргөн негизги тема катары баса белгиленет.
 
Кыргыз Республикасынын Экинчи Улуттук ыктыярдуу баяндамасын даярдоодо SDG Tracker куралы колдонулуп, ал Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогрессти түзүмдүү түрдө көзөмөлдөөгө жана ар тараптуу талдоого мүмкүнчүлүк берди. Бул куралды колдонуу мониторингдин ачыктыгын жогорулатууга, маалыматтардын салыштырымдуулугун жакшыртууга, негизги тенденциялар менен чакырыктарды аныктоого, ошондой эле 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого өбөлгө түздү.
 
Кыргызстан эл аралык кызматташууну мындан ары да чыңдоого, топтолгон тажрыйба менен бөлүшүүгө жана Туруктуу өнүгүү боюнча 2030-Күн тартибини бардык кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктө ишке ашырууну улантууга даяр экендигин тастыктады.
 

Акыркы жаңылоо: 25.07.2025, 14:04