Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын максималдуу орточо баалары Москва шаарында катталды
Басылмалардын датасы: 11.05.2023
Ыкчам маалыматтар боюнча 2023-жылдын март айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башка борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.
2023-жылдын март айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары
(килограмм, АКШ доллары1)
|
Бишкек ш. |
Нур-Султан ш. |
Москва ш. 2 |
Минск ш. 2 |
|
Уйдун эти |
6,52 |
6,47 |
7,85 |
4,84 |
|
Койдун эти |
5,98 |
6,75 |
9,77 |
- |
|
Ак (каймак) май |
5,04 |
9,82 |
14,00 |
8,23 |
|
Пастеризацияланган сүт, литр |
0,90 |
0,83 |
1,14 |
0,64 |
|
Жумуртка, ондук |
1,32 |
1,31 |
1,28 |
1,13 |
|
Биринчи сорттогу буудай уну |
0,61 |
0,67 |
0,77 |
0,49 |
|
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан |
0,73 |
0,46 |
1,42 |
0,88 |
|
Картошка |
0,44 |
0,34 |
0,47 |
0,41 |
1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары.
(-) - Өкүл товардын жоктугу.
2023-жылдын мартында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинен жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,32АКШ доллары) Бишкек шаарында, ал эми минималдуу чекене баасы (он даанасы 1,13 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. 2023-жылдын мартында кой этинин төмөнкү баасы (1 килограммы 5,98 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды, уй этинин (1 килограммы 4,84 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн төмөнкү баасы (1 литри 0,64 АКШ доллары) Минск шаарында катталды. Ак каймак майдын минималдуу баасы (1 килограммы 5,04 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды.
2023-жылдын март айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары
(килограмм, АКШ доллары)
2023-жылдын февралында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана шаарында байкалган баадан 24,4 пайызга жана биринчи сорттогу ундан жасалган нандын баасынан 38,4 пайызга, Минск шаарындагы уй этинин баасынан 28,3 пайызга жогору болгон. 2023-жылдын февралында Бишкек шаарындагы жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарындагы (13,1 пайызга), пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана (8,8 пайызга) жана Минск шаарларындагы (28,6 пайызга) баалардын деңгээлинен ашты.
2023-жылдын март айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы
баалар менен орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн катышы
|
Бишкек ш. |
Астана ш. |
Москва ш. |
Минск ш. |
Бишкек ш. = 100, пайыз менен |
||||
Уйдун эти |
100 |
99,2 |
120,4 |
74,2 |
Койдун эти |
100 |
112,9 |
163,4 |
- |
Ак (каймак) май |
100 |
194,8 |
277,8 |
163,3 |
Пастеризацияланган сүт, литр |
100 |
92,2 |
126,7 |
71,1 |
Жумуртка, ондук |
100 |
99,2 |
97,0 |
85,6 |
Биринчи сорттогу буудай уну |
100 |
109,8 |
126,2 |
80,3 |
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан |
100 |
63,0 |
194,5 |
120,5 |
Картошка |
|
|
|
|
АКШ доллары менен1 |
||||
Орточо айлык эмгек акы2 |
403,0 |
962,3 |
1608,0 |
847,5 |
Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен |
||||
Уйдун эти |
61,4 |
161,8 |
184,8 |
169,8 |
Койдун эти |
67,0 |
155,6 |
148,6 |
- |
Ак (каймак) май |
79,5 |
106,9 |
103,7 |
99,8 |
Пастеризацияланган сүт, литр |
446,2 |
1261,6 |
1272,3 |
1283,1 |
Жумуртка, ондук |
304,3 |
796,8 |
1136,0 |
729,8 |
Биринчи сорттогу буудай уну |
657,7 |
1580,1 |
1873,4 |
1680,0 |
Биринчи сорттогу ундан жасалган нан |
548,2 |
2323,3 |
1024,0 |
937,8 |
Картошка |
907,0 |
3047,4 |
3119,5 |
1995,9 |
1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
2 2023-ж февралында - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2023-ж. январында - Москва ш. боюнча.
2023-ж. I кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.
ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлору боюнча орточо айлык эмгек акынын2 сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн салыштырма талдоосу 2023-жылдын мартында Бишкек шаарындагы биринчи кезекте керектелүүчү азыктар ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлден артта калгандыгын күбөлөндүрөт, бул Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо айлык эмгек акыга 660 киллограм ун сатып алса, Москвада 2,4 эсеге көп сатып алса болот (1580,1 киллограмм). Астана шаарында бир айлык эмгек акыга 3,0 тонна, Бишкек шаарында 900 киллограммдан ашык картошка сатып алууга болот.
Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасына бөлүү менен аныкталат.
Баалардын статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312) 625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).