Эл аралык карылар күнү. Цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 01.10.2025


Жыл сайын 1-октябрда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык карылар күнү белгиленет, бул күн 1990-жылы декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Бул күн коомчулуктун көңүлүн улгайган адамдардын алдында турган маанилүү маселелерге буруу жана алардын жашообуздагы маанисин таанууга багытталган.

2025-жылы туруктуу жана адилеттүү коомду курууда улгайган адамдардын ролуна өзгөчө көңул бурулат. БУУнун баш катчысы Антониу Гутериш “Быйылкы жылдын темасы улгайган адамдар натыйжалуу өзгөрүүлөрдүн коштоочулары экенин эскертет. Алардын үнү саясатты калыптандырууда, курактык басмырлоону токтотууда жана инклюзивдик коомдорду курууда угулушу керек”.

Бул күнү Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандагы улгайган адамдар тууралуу актуалдуу маалыматтарды берип, алардын коом үчүн маанилүү баалуулугун баса белгилейт.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул мурунку муундарга караганда саны жагынан көптүк кылган 1960-жылдардагы көп сандаган муундун өкүлдөрүнүн пенсияга чыгышына байланыштуу. Акыркы беш жылда өлкөдө улгайган жарандардын саны 140 миңден ашуунга же 25%га өстү.

  2025-жылдын башында Кыргызстанда 702 миң эмгекке жарамдуу курактан улуу адам болгон, бул жалпы калктын 10%ын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан ашкан эркектер 230 миң (эркектердин 6%ы), ал эми аялдар 58 жаш курактан ашкан аялдар 472 миң (аялдардын 13%ы). Аталган жаш куракта аялдар басымдуулук кылат: алар эркектерден 242 миңге же 2,1 эсеге көп. Бул аялдар эркектерге караганда орточо узак жашашы (76,6 жаш 68,4 жашка карата) жана пенсияга эркектерге караганда беш жыл эрте (58 жаш 63 жашка карата) чыгуусу менен түшүндүрүлөт.

БУУнун классификациясы боюнча 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү калктын жалпы санынан 4 пайызынан аз болсо, жаш деп эсептелет: 4-7% деңээлинде калк карылыктын босогусунда турат: 7%дан ашса - улгайган деп эсептелет. 2025-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жана андан жогорку жаштагы жарандардын үлүшү 6%ды (440 миңден ашык адам) түздү, бул калктын карылыктын босогосунда турган категориясына ылайык келет. Айрым КМШ мамлекеттерине салыштырганда бул көрсөткүч жогору: Азербайжан - 10%, Казакстан - 9 %, Россия жана Белорусь – 17 %.

БУУнун болжолдоолоруна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы көбүрөөк байкалмакчы: 65 жана андан улуу жаштагы улгайган адамдардын үлүшү 7%га жакындайт.

Кыргыз Республикасынын 65 жаш жана андан улуу курактагы туруктуу калкынын

жынысы жана аймактар боюнча саны
(2025-жылдын башына карата баалоо, миң адам)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында жана башка мамлекеттик  органдарында 2024-жылдын аягына карата 846 миң пенсионер каттоодо турган, алардын 652 миңден ашууну же 77% курагы боюнча пенсия алуучулар болуп саналышкан.

2024-жылы дайындалган пенсиялардын орточо өлчөмү 10 717 сомду түздү, бул пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 52%га  (7 063,85 сом) ашты.

2024-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун чыгымдарынын жалпы көлөмүндө пенсиялык камсыздоого чыгымдар 86%дан ашык түздү.

Ошентип, улгайган адамдардын Эл аралык күнү актуалдуу маселелерди чечүүдө жана улуу муунга тийиштүү көңүл бурууда коомдун активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн эскертип турат.

 


Акыркы жаңылоо: 01.10.2025, 15:14