Улгайган адамдардын эл аралык күнү: республиканын жашоочуларынын негизги бөлүгүн эмгекке жарамдуу курактан улуу аялдар түзөт

Басылмалардын датасы: 30.09.2022


Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Улгайган адамдардын күнүн өткөрүүнүн максаты – дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына буруп, улгайып калган адамдардын коомго зарыл сезимин колдоо, калктын демографиялык картайып бара жаткандыгы боюнча коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу  көп сандагы адамдардын пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылыга көбөйүп бара жатат. Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 104 миңге, же 22 пайызга көбөйдү.

2022-жылдын башына Кыргыз Республикасында эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу 576 миңден ашык адам же жалпы калктын 8,5 пайызы жашаган. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 175 миңден ашык же эркектердин 5,2 пайызын түзсө, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар 401 миң   адамды же жалпы аялдардын 11,8 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 226 миң адамга же 2,3 эсе көп.

Ошентип, республиканын эмгекке жарамдуу курактан улуу тургундарынын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, анткени алардын жашоо узактыгы эркектерге караганда жогору. 2021 - жылы Эркектердин жашоо узактыгы 67,9 жашты, аялдар үчүн 76,1 жашты түзгөн. Жашоонун узактыгындагы ажырым жыныстык өлүмдүн айырмачылыгы менен байланыштуу: Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнөн бир жарым эсе жогору. Пенсия курагына чейин жашоо мүмкүнчүлүгү аялдардын дээрлик 90 пайызын, Эркектердин 70 пайыздан ашыгын түзөт. Бул жерде аялдардын пенсия курагы беш жылга эрте келе тургандыгын эске алуу керек (эркектерде - 63 жашта, аялдарда - 58 жашта). Заманбап 60 жаштагы аялдар орто эсеп менен дагы 20 жылдан ашык, Эркектер 15 жылдан ашык жашашат.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына караганда, эгер жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгер 4төн 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк улгаюу босогосунда, эгер 7 пайыздан жогору болсо анда улгайган калк деп саналат.

Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат: 2022-жылдын башында 65 жаш жана андан улуу курактагы 348 миңге жакын адам же 5,2 пайыз кыргызстандыктар болгон. Бирок, бул көрсөткүч башка КМШ өлкөлөрүнүн көрсөткүчүнөн кыйла төмөн. Мисалы, 2022 - жылдын башында Азербайжан боюнча көрсөткүч 7,9 пайызды, Казакстан боюнча 7,8 пайызды, Россия Федерациясы жана Беларусия боюнча 15,8 пайызды түзгөн. БУУнун божомолу боюнча, Кыргызстанда бул тенденция болжол менен 2030-жылга карата байкалат, анда 65 жана андан жогорку жаштагы улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, жашы 65теги 
жана андан улуу адамдардын жынысы боюнча саны

(2022 жылдын башына карата баалоо, миң адам)

КР Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 2021-жылдын аягында каттоодо 758 миң пенсионер турса, алардын ичинен 572 миң адам же 75 пайызы жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп эсептелишкен.

2021-жылы пенсиянын орточо көлөмү 6 412 сомду түзүп, пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 15 пайызга жогору болгон (5 580 сом).

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддун чыгашасынын көлөмү боюнча алганда пенсия менен камсыздоонун үлүшү 2021-жылы 85,4 пайызды түздү.

 


Акыркы жаңылоо: 30.09.2022, 17:54