2021-жылы миграциялык процесстер калктын агымынын олуттуу төмөндөшү менен мүнөздөлдү
Басылмалардын датасы: 14.06.2022
2021-жылы республикадагы миграциялык процесстер, мурдагыдай эле, миграциянын сальдосунун терс көлөмү, башкача айтканда, келгендердин санынан башка жакка туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоо үчүн) чыгып кеткендердин санынын ашыктыгы менен мүнөздөлдү. Бирок, 2021-жылы калктын миграциялык агымынын кыйла төмөндөшү байкалган. Мында анын чоңдугу 2020-жылдагы миграция балансына карата 16 пайызды гана түзгөн.
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү Министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылы республикага туруктуу жашоого 8,2 миң адам келишкен, ал эми 2020-жылы 1,0 миң адам келишкен, 2020-жылы 5,8 миң адам чыгып кетишсе, 2021-жылы 9,0 миң адам чыгып кетишкен.
Натыйжада, эгерде 2020-жылы калктын миграциялык агымы -4,8 миң адамды түзсө, 2021-жылы ал -0,8 миң адамды түзүп, 4,0 миң адамга төмөндөдү.
Мындан тышкары, 2021-жылы туруктуу жашаган жерин өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары башка мамлекеттин аймагына чыгып кеткендердин санынын көбөйгөнү белгиленди. Мурдагыдай эле, мигранттар үчүн туруктуу жашаган жерин тандоо планында басымдуулук кылган мамлекеттер Орусия (67,4 пайыз) жана Казакстан (26,6 пайыз) саналат.
Келген (чыгып кеткен) мамлекеттер боюнча Кыргыз Республикасынын калкынын тышкы миграциясы (адам)
|
2020 |
2021 |
||||
|
келген-дердин саны |
кеткен-дердин саны |
миграциялык өсүү, кетүү агымы (+, -) |
келген-дердин саны |
кеткен-дердин саны |
миграциялык өсүү, кетүү агымы (+, -) |
Бардыгы анын ичинде: |
961 |
5 822 |
-4 861 |
8 229 |
8 998 |
-769 |
КМШ өлкөлөрү |
940 |
5 649 |
-4 709 |
7 526 |
8 583 |
-1 057 |
Азербайжан |
2 |
4 |
-2 |
1 |
3 |
-2 |
Армения |
- |
- |
- |
1 |
- |
1 |
Беларусь |
- |
7 |
-7 |
8 |
24 |
-16 |
Казакстан |
74 |
1 664 |
-1 590 |
468 |
2 392 |
-1 924 |
Молдова |
- |
2 |
-2 |
- |
- |
- |
Орусия |
242 |
3 792 |
-3 550 |
6 006 |
6 066 |
-60 |
Тажикстан |
371 |
9 |
362 |
460 |
6 |
454 |
Түркмөнстан |
1 |
- |
1 |
2 |
- |
2 |
Өзбекстан |
248 |
161 |
87 |
553 |
81 |
472 |
Украина |
2 |
10 |
-8 |
27 |
11 |
16 |
КМШдан тышкаркы өлкөлөрү |
21 |
173 |
-152 |
703 |
415 |
288 |
2021-жылы эмигранттардын көптөгөн этникалык топторунун ичинен бешөөсүнө: орустар – 42,3 пайызы, кыргыздар – 29,1 пайызы, өзбектер – 8,2 пайызы, казактар – 3,0 пайызы жана татарлар – 2,6 пайызы кирди.
Айрым улуттардагы мигранттар боюнча Кыргыз Республикасынын калкынын тышкы миграциясы (адам)
|
2020 |
2021 |
||||
|
келген-дердин саны |
кеткен-дердин саны |
мигра-циялык өсүү, кетүү агымы (+, -) |
келген-дердин саны |
кеткен-дердин саны |
мигра-циялык өсүү, кетүү агымы (+, -) |
Бардыгы анын ичинде: |
961 |
5 822 |
-4 861 |
8 229 |
8 998 |
-769 |
кыргыздар |
702 |
2 452 |
-1 750 |
6 230 |
2 616 |
3 614 |
орустар |
80 |
1 528 |
-1 448 |
284 |
3 808 |
-3 524 |
өзбектер |
87 |
880 |
-793 |
1 190 |
740 |
450 |
украиндер |
2 |
124 |
-122 |
17 |
187 |
-170 |
татарлар |
7 |
90 |
-83 |
37 |
232 |
-195 |
казактар |
9 |
149 |
-140 |
56 |
271 |
-215 |
дунгандар |
21 |
77 |
-56 |
65 |
203 |
-138 |
немистер |
5 |
74 |
-69 |
9 |
217 |
-208 |
корейлер |
10 |
54 |
-44 |
45 |
101 |
-56 |
түрктөр |
3 |
50 |
-47 |
51 |
57 |
-6 |
тажиктер |
14 |
34 |
-20 |
102 |
26 |
76 |
уйгурлар |
7 |
114 |
-107 |
69 |
169 |
-100 |
башка улуттар |
14 |
196 |
-182 |
74 |
371 |
-297 |
_________________________________________________________________________
Керектөө рыногунун статистикасы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана социалдык статистика башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү
e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546, 324636.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)