1-августка карата официалдуу жумушсуздардын санынын төмөндөөсү белгиленди
Басылмалардын датасы: 11.08.2016
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча ушул жылдын 1-августуна карата официалдуу катталган жумушсуздардын саны 56972 адамды түздү, ошондой эле өткөн айга салыштырмалуу 1,4 пайызга азайды.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 53,0 пайызын аялдар түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калкка карата 2,2 пайызды түздү.
Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгы
e-mail: jailobaeva@stat.kg; тел. + 996 (312) 626076
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“КРнын Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).
