Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын январь-мартындагы тышкы экономикалык ишмердиктин жыйынтыгын чыгарды

Басылмалардын датасы: 16.05.2016


Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү алдын ала маалыматтар боюнча 2016-ж. январь-мартында 2015-ж. январь-мартынын деңгээлине салыштырмалуу 21,6 пайызга азаюу менен 1021,0 млн. АКШ долларын түздү. Товар жүгүртүү түзүмүндөгү экспорттун үлүшүнө 28,1 пайызы, импорттун үлүшүнө – 71,9 пайызы туура келди.

Экспорттук жөнөтүүлөр 2016-ж. январь-мартында өткөн жылдын денгээлине салыштырмалуу 25,8 пайызга азайып, 287,1млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге товарлардын экспорту алтынды эсептебегенде 43,5 пайызга өсүп, 187,8 млн. долларды түздү.

Импорттук түшүүлөр 19,8 пайызга азаюу менен 733,9 млн. АКШ долларын түздү.

2016-жылдын январь-мартында соода балансы терс сальдо болуп түзүлүп, 446,8 млн. АКШ долларын (2015-ж. январь-мартында – терс сальдо болуп 528,0 млн. долларды) түздү.

 

____________________________________________________________________________

 

Соода статистикасы башкармалыгынын тышкы соода статистикасы бөлүмү

|e-mail:vmambetalieva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324650 |e-mail:g.shayahmetova@stat.kg;  |тел. + 996 (312) 324637

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 19.05.2016, 13:37