Көп көрсөткүчтөр боюнча Кластердик изилдөөнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети презентациялады (КККИ-2023)

Басылмалардын датасы: 30.07.2024


30-июлда КР Улуттук статистика комитети Көп көрсөткүчтөр боюнча жаңы кластердик изилдөөнүн (КККИ) жыйынтыгын жарыялады. Изилдөөнүн алкагында жалпы Кыргызстан боюнча 7,2 миң кожолуктун арасында саламаттык сактоо, билим берүү жана аялдар менен балдарды социалдык жактан коргоо тармактары менен байланышкан 185 көрсөткүч боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн. Изилдөө ЮНИСЕФтин, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА), АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жана Швейцария Өкмөтүнүн техникалык жана каржылык колдоосу менен Улутстатком тарабынан жүргүзүлдү.

«Биз калктын жашоо деңгээлинин реалдуу түрдө өсүп жаткандыгын көрүп жатабыз, муну кирешелердин, керектөөлөрдүн жана аманаттардын өсүшү менен чагылдырып жатат. Бул балдарыбыздын жашоосун жакшыртууга алып келе тургандыгына кубанычтабыз, бул өкмөт үчүн адам капиталына, келечекке, калктын саламаттыгына жана билимине инвестицияларды салууга башкы артыкчылык болуп саналат. Кыргызстандын улуттук өнүгүүсүнүн башкы максаты ушул», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.

Тегерек столдун жүрүшүндө Улутстаткомдун эксперттери балдардын өлүмү, билим берүү мекемелерине баруу, эмдөө, үй-бүлөдөгү зомбулук, эрте никелешүүлөр жана башка маанилүү темалар боюнча негизни көрсөткүчтөр менен тааныштырышты. Иш-чаранын катышуучулары суроолорду берип, берилген маалыматтарды талкуулашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Улутстаткомдун жетекчилиги, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Кристин Граве, КР ЖК депутаттары, Кыргыз Республикасындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл,  БУУнун түзүмдөрүнүн жетекчилери, Кыргыз Республикасындагы Япониянын, Франциянын, АКШнын жана Швейцариянын элчилери, министрликтердин, эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Кластердик изилдөө эл аралык методологияга негизделген, ал эл аралык деңгээлде салыштырууга боло турган маалыматтарды чогултууга жардам берет. КККИ-2023түн натыйжасында Туруктуу өнүгүү максаттарынын 32 глобалдык көрсөткүчү үчүн жыныс, курак, географиялык абал, кирешенин абалы жана майыптуулуктун болушу сыяктуу негизги белгилер боюнча бөлүштүрүлүп берилген маалыматтар чогултулду. Бул көрсөткүчтөр ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнүн улуттук топтомун толуктайт.

Изилдөө жаңы төрөлгөн балдардын арасында өлүм көрсөткүчү төмөндөп баратканын көрсөттү: аман төрөлгөн 1000 ымыркайдын 15,6сы чарчап калат, беш жашка чыга элек балдардын арасында 1000 тирүү төрөлгөн балага 16,5 өлүм туура келет. 15-19 жаштагы өспүрүмдөр арасында төрөт боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй: 1000 аялга 32ни түзөт (ушул курактык топто), бул 2014-жылдагы эсептөөлөргө салыштырмалуу эки эсе аз дегенди билдирет.

Кош бойлуулук учурунда жана андан кийинки мезгилде аялдарга медициналык жардам көрсөтүүгө токтоло турган болсок, изилдөө жалпы Кыргызстан боюнча аялдарда адистерге жана саламаттык сактоо мекемелерине дээрлик жалпы жеткиликтүүлүк бар болгонун көрсөттү.

Балдар арасында эмдөөнүн деңгээли салыштырмалуу төмөн бойдон калууда – 24-35 айлык беш баланын төртөө гана вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган ооруларга каршы эмделип жатат. Изилдөө жүрүп жаткан маалда бардык негизги эмдөөлөрдү алган 12-23 айлык балдардын үлүшү 71,6 пайызды түздү, бул 2018-жылдагы 76,7 пайызга салыштырмалуу кескин төмөндөдү дегенди билдирет.

Сурамжылоо ошондой эле билим берүү жөнүндө маанилүү маалыматтарды бере алды. Башталгыч жана кенже класстарга баргандардын деңгээли дээрлик 100 пайызга жетет, ал эми жогорку класстарда (10-11-класстар) сабакка катышуу деңгээли 87 пайызды түзөт. Башталгыч мектептин биринчи классына барган төрт баланын үчөө гана мектепке чейинки кандайдыр бир билим берүү программасына катышкан.

“Балдардын жана аялдардын жашоосун жакшыртуу үчүн жогорку сапаттагы жана ишенимдүү маалыматтар өнүгүү боюнча чараларды иштеп чыгуунун зарыл шарты болуп саналат. Бул маанилүү демилгени колдоп бергени үчүн өнөктөштөрүбүзгө – USAIDге, ЮНФПАга жана Швейцария Өкмөтүнө ыраазыбыз. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдардын бакубатчылыгын колдоо үчүн өкмөт жана өнөктөштөр менен ишти уланта бермекчи”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

Кыргызстан буга чейин КККИни 1995-жылы, 2006-жылы, 2014-жылы жана 2018-жылы жүргүзгөн.

ЮНИСЕФ Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнү (КККИ) 1990-жылдары иштеп чыккан. Бул изилдөө дүйнө жүзү боюнча аялдар жана балдар жөнүндө статистикалык жактан негизделген жана эл аралык деңгээлде салыштырууга боло турган эң ири булактардын бири болуп калды.

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 29.08.2024, 16:59