Улуттук статистика комитети MICSтин жыйынтыктоочу отчету боюнча иш алып барууда

Басылмалардын датасы: 24.05.2024


Улутстаткомдун адистери мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык сектор менен биргеликте, ошондой эле ЮНИСЕФтин эл аралык адистери Дипак Кумар Дей жана Анна Абдельбаситтин катышуусунда Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (MICS) жыйынтыктоочу отчетун даярдоонун үстүндө иш алып барышат.

MICS жыйынтыктоочу отчету ымыркайлардын жана балдардын өлүмү, балдар арасындагы чала тоюу, иммундаштыруу жана балдардын саламаттыгы, балдардын эрте курактагы өнүгүүсү, мектепке жана мектепке чейинки балдар мекемелерине баруу, эрте никеге туруу, коопсуз сууга жана санитарияга болгон жеткиликтүүлүк, балдар эмгеги, төрөлгөндөрдү каттоо жана балдардын бакубаттуулугунун башка көптөгөн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Мындан сырткары, MICS социалдык жардамдарды алуу, отундун таза түрлөрүн пайдалануу, майыптуулук, ата-энелердин миграциялык макамы сыяктуу жаңы чөйрөлөрдү да камтып, алар ТӨМгө жана улуттук өнүктүрүү программаларына мониторинг жүргүзүү үчүн маанилүү булак болуп саналат.  

Семинардын жыйынтыгында КР Улутстаткомдун жетекчилиги менен ЮНИСЕФтин региондук кеңсесинин адистеринин жолугушуусу болуп өттү. «Мамлекеттик органдар менен биргелешкен иштерди алып баруу абдан маанилүү. 2024-жылдын июль айында MICSтин жыйынтыктарын жайылтуу боюнча улуттук тегерек стол өткөрүү күтүлүүдө жана тегерек столдорду өлкөнүн бардык региондорунда өткөрүү пландалууда. Биздин колдонуучулар MICSтин маалыматтарын жана жыйынтыктарын аябай күтүп жатышат», — деп белгилеп өттү төрага Бактыбек Кудайбергенов.

Өз кезегинде, Дипак Кумар Дей Улутстаткомдун жамаатына MICSти өткөрүү боюнча аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстандын Улутстаткому анкеталарды мыкты иштеп чыгып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана маалыматтарды башынан аягына чейин талдаган мыкты статистикалык орган экендигин белгиледи.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумунун алкагында 2023-жылы ЮНИСЕФ, ЮНФПА, ЮСАИД (USAID) уюмдарынын жана башка өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө (MICS) жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн максаты Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалына, улуттук жана эл аралык милдеттенмелерге мониторинг жүргүзүү, Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн индикаторлорду иштеп чыгуу болуп саналат.


Акыркы жаңылоо: 24.05.2024, 15:56