Улутстатком көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө жүргүзүүгө даярданууда

Басылмалардын датасы: 04.10.2023


Бүгүн 2023-жылдын 4-октябрында Улутстаткомдо БУУнун Кыргыз Республикасындагы балдар фондунун (ЮНИСЕФ), ошондой эле БУУнун калкты жайгаштыруу жаатындагы фондунун (ЮНФПА) өкүлдөрүнүн катышуусу менен көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөгө даярдоо боюнча тренинг өтүп жатат.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов иш чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзүндө, КОМП өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтар чечим кабыл алуучу адамдарга, өнүгүү боюнча өнөктөштөргө, жарандык секторго, илимий чөйрөлөргө жана статистиканын башка колдонуучуларына Кыргыз Республикасындагы реалдуу кырдаалдын талаптарына жана аялдардын жана балдардын муктаждыктарына жооп бере турган социалдык программаларды пландаштырууга жана өнүктүрүүгө, кедейлер менен байлардын ортосундагы ажырымды кыскартууга, ошондой эле социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жардам берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, кластердик изилдөө көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча ЮНИСЕФ тарабынан 1990-жылдары иштелип чыккан. Кыргыз Республикасында МИКС катары белгилүү болгон бул изилдөө дүйнө жүзүндөгү аялдар жана балдар жөнүндө статистикалык негизделген жана эл аралык деңгээлде салыштырууга боло турган маалыматтардын ири булактарынын бири болуп калды.

Буга чейин Кыргыз Республикасы 1995, 2006, 2014 жана 2018-жылдары КОМПтун глобалдык изилдөөсүн ишке ашырууга катышкан.

Изилдөө аялдардын жана балдардын абалы жөнүндө 185 индикаторду камтыйт, алардын ичинен 30 - туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү. Бул тренингде алынган билимдерге эне жана баланын көптөгөн көрсөткүчтөрү боюнча реалдуу кырдаал жөнүндө маалыматтардын сапаты көз каранды болот.

0


Акыркы жаңылоо: 04.10.2023, 13:46