КРдин Улутстаткому 2016-жылдын I жарым жылдыгындагы республиканын өнөр жайын өнүктүрүүнүн жыйынтыгын чыгарды
Басылмалардын датасы: 14.07.2016
2016-жылдын I жарым жылдыгында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 78,9 млрд. сомду түздү. Физикалык көлөмдүн индекси 2015-ж. тийиштүү мезгилине салыштырганда 80,5 пайызды, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда – 96,6 пайызды түздү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү баалуу металдар өндүрүшүндөгү (35,8 пайызга), текстиль өндүрүшүндөгү (33,6 пайызга), кийим (24,2 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшүндөгү (14,4 пайызга) көлөмдөрдүн кыскарышы менен шартталды.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү Баткен, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын ишканаларында байкалды.
Муну менен катар мунайзатты (1,7 эсеге) жана металл кендерин казуунун (1,5 эсеге) өсүүсү белгиленди. Ошондой эле тамак-аш азыктарынын өндүрүшү кантты, эт жана сүт азыктарын, узак мөөнөткө сакталбаган нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруунун көбөйүшүнүн эсебинен (12 пайызга) өсүүсү байкалды.
|
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү |
e-mail anurbaeva@stat.kg |
тел. + 996 (312) 664044 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
