Улутстатком Статистика боюнча кеңештин отурумунда жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берди жана пландары менен бөлүштү

Басылмалардын датасы: 18.07.2023


Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статистика боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Улутстаткомдун ишмердүүлүгүнүн жана жакынкы келечекте расмий статистиканы өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды.
Кеңештин отурумуна Улутстаткомдун төрагасы Б.Кудайбергенов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ж. Жалалов, КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч. Сейитов, Статистика боюнча кеңештин мүчөлөрү катышышты: "АкиПресс" маалымат агенттигинин башкы директору А. Сагынбаева,
"Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Н. Добрецова,
"Кыргыз Республикасынын Салык кеңешчилеринин палатасы" кесиптик коомдук бирикмеси" башкармасынын төрагасы" Т. Ким,
"Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору А. Сыдыков жана башкалар.
Улутстаткомдун төрагасы өз презентациясында БУУнун 2023-жылдагы туруктуу өнүктүрүү жөнүндө баяндамасына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгиледи. Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү максаттары боюнча 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи. Ал ошондой эле Борбордук Азияда эң жогорку болуп саналган Кыргызстандын натыйжалуулугунун жогорку статистикалык индексин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары жөнүндө”, 2008-жылдын Улуттук эсептер системасынын эл аралык стандартына (УЭТ 2008) ылайык азыркы мезгилге карата кандай басылмалар чыгарылгандыгы, аларда эмнелер чагылдырылгандыгы, ички дүң продуктунун (ИДП)эсептөөлөрүн негизги өзгөртүүлөргө өткөрүү боюнча иштерди аяктоо жөнүндө,  “Дүйнөлүк банктын” салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо - иштин негизги багыттары” долбоорунун иш-чараларын ишке ашыруу жөнүндө”, анын жүрүшүндө расмий статистика системасын модернизациялоо жана өркүндөтүү, “2024-жылга статистикалык программанын долбоору жөнүндө”  жана башка ушул сыяктуу презентациялар сунушталды 
Кеңештин мүчөлөрү сунушталган презентациялар боюнча бир катар суроолорду беришти, сайтта камтылган басылмалар боюнча өз сунуштарын, эксперттердин ишинин ырааттуулугун, мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүсүн жана жүргүзүлгөн тандалма изилдөөлөрдүн жүрүшүндө ишти күчөтүү боюнча көптөгөн сунуштарды жана башка бир катар кеңештерди беришти. Улутстаткомдун төрагасы Кеңештин мүчөлөрүнүн комитеттин ишмердүүлүгүнө жана өнүктүрүү боюнча сунуштарына карата пикирлеринин маанилүүлүгүн белгилеп, алар эске алынып, мүмкүн болушунча иште колдонуларын белгиледи.


Маалымдама: 
Кеңеш Улуттук статистика системасынын стратегиялык документтеринин долбоорлорун, анын ичинде статистикалык программаларды жана алардын аткарылышы жөнүндө расмий статистиканы өндүрүүчүлөргө отчетторду талкуулоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу консультациялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңештин курамы жана анын Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген.
Статистика боюнча кеңештин ишмердиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин жана анын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат.


Акыркы жаңылоо: 18.07.2023, 17:24