Улутстатком статистика тууралуу көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштайт

Басылмалардын датасы: 07.08.2023


Белгилүү болгондой, статистика өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык процесстерди түшүнүүдө башкы ролду ойнойт, ошондой эле ал ар түрдүү тармактагы маанилүү чечимдерди иштеп чыгууда жана кабыл алууда колдонулат. Статистикалык маалыматтар тенденцияны аныктоого, көйгөйлөрдү ачып көрсөтүүгө жана натыйжалуу өнүгүү стратегияларын иштеп чыгууга жардам берет.

Статистиканы түшүнүүнү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту колдонуучуларга статистика тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бир нече окутуучу видеороликтерди даярдады. 

Сунушталган видеороликтер жаңы колдонуучуларга гана эмес, статистикалык көрсөткүчтөрдү жана аларды алуунун ыкмаларын терең билүүнү каалаган бардык колдонуучуларга пайдалуу болмокчу.  

Төмөндө видеороликтердин тизмеги берилди.

1-бөлүм. Кыргыз Республикасынын расмий статистика тутумун уюштуруу

https://www.youtube.com/watch?v=xa3U570UPog

2-бөлүм. Тармактык статистикага сереп жана отчеттуулук

https://www.youtube.com/watch?v=o-QV9fupl2Q

3-бөлүм. Статистикалык маалыматтарды өндүрүүнүн модели 

https://www.youtube.com/watch?v=0j8RGe9A6Rg

4-бөлүм. Метамаалыматтар жана классификаторлор

https://www.youtube.com/watch?v=nHJcC-ZGhvE

5-бөлүм. Статистикалык маалыматтардын бирдиктүү мамлекеттик регистри (СМБМР)

https://www.youtube.com/watch?v=_bByZyU4Blo

6-бөлүм. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана практикасы

https://www.youtube.com/watch?v=Uat7B0_pACQ

7-бөлүм. Жарыялоо, жайылтуу, ачык маалыматтар менен байланышкан маселелер, КР УСКнын расмий сайты

https://www.youtube.com/watch?v=zXS2vct2aSE

 


Акыркы жаңылоо: 16.08.2023, 11:11