Улутстатком алдыда өтө турган эл жана турак жай фондун каттоого тартылган координаторлорду окутууга киришти

Басылмалардын датасы: 21.02.2022


Республикада 25-марттан 3-апрелге чейин өтө турган каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Улутстатком каттоо иштерине тартылган координаторлорду окутууга киришти.

Улутстаткомдун адистеринин катышуусунда республиканын бардык аймактарында өтө турган үч күндүк семинардын жүрүшүндө мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо жыйнактарынын нускамаларын жана мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин деталдуу түрдө карап чыгуу пландаштырылууда.

           

           

           

           

___________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү |   e-mail: rchynybaeva@stat.kg; |   тел. + 996 (312) 325336

Расмий статистиканы жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонуу учурунда колдонуучулар алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (Расмий статистика жөнүндө мыйзамдын 30-беренеси.)


Акыркы жаңылоо: 21.02.2022, 15:24