Улутстатком эмгек боюнча статистикалык маалыматтарды мурунку форматта чогултууну улантат

Басылмалардын датасы: 17.02.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын «Салык отчетторунун формаларын жана аларды толтуруунун жана берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» 2022-жылдын 24-февралындагы №73 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2023-жылдын 9-январындагы №2 буйругуна ылайык, «Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана эмгек мамилелери боюнча отчет» STI-161 формасына өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана III-IV бөлүмдөрдөгү статистикалык көрсөткүчтөр алынып салынгандыгы  тууралуу маалымдайт.

 «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, расмий статистикалык маалыматты өндүрүүчүлөр көрсөткүчтөрдүн өткөн мезгил менен салыштыруучулугун (б.а., динамикадагы өнүгүү тенденциясын) жана эсепке алуу субъекттеринин толук камтуусун болжолдогон расмий статистикалык маалыматтардын сапатын камсыз кылууга милдеттүү экендигин эске алуу менен, Улутстатком маалыматтардын жетиштүү көлөмү жок болгон жана алар мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтардын болгон булактарынан алууга мүмкүн эмес болгон учурларда, булактарды тандоого жана керектүү маалыматтарды түздөн-түз респонденттерден чогултууга укуктуу.  

Жогоруда айтылгандарга ылайык, ишкана, мекеме, уюмдар №1-Т (айлык) «Эмгек боюнча отчет» формасы боюнча расмий статистикалык отчетторду аймактык статистика органдарына жайгашкан жери боюнча тапшырышат. 

 

 

 

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу 
статистикасы бөлүмү                                          | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    |                 тел. + 996 (312)  626076


Акыркы жаңылоо: 17.02.2023, 16:44