Улутстатком кезектеги ишембиликти өткөрдү

Басылмалардын датасы: 12.04.2025


Бүгүн, 2025-жылдын 12-апрелинде Улуттук статистикалык комитеттин эмгек жамааты төрага Бактыбек Кудайбергеновдун жетекчилиги алдында кезектеги ишембиликти өткөрүштү.
 
Борбордук аппараттын жана Интеллектуалдык маалымат борборунун кызматкерлери, мекеменин тышкы аймагын жана имараттын ичин тазалоо, көрктөндүрүү иштерине активдүү катышышты.
 
Төрага Бактыбек Кудайбергенов ар бир жаран өз шаарынын тазалыгы үчүн жоопкерчиликтүү экенин, ал эми мындай ишембиликтер шаар чөйрөсүн көрктөндүрүүдө жана жакшыртууда маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.
 
 

Акыркы жаңылоо: 15.04.2025, 14:54