Улутстатком жазык статистикасы боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу тутумун жакшыртуу маселелери боюнча семинар өткөрүүдө

Басылмалардын датасы: 10.10.2023


10-октябрдан 12-октябрга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсеси (БУУ БКБ) менен биргеликте улуттук мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү программаларын аткаруунун алкагында жооптуу мамлекеттик органдар жана Улутстатком тутумунун адистери үчүн укук бузуулардын статистикасы боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча семинар өткөрүүдө.

Семинар республикадагы кылмыштуулук жана жазык сот адилеттиги боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу тутумун жакшыртууга, кылмыштуулук статистикасы боюнча маалыматтарды классификациялоонун эл аралык тажрыйбаларын жана принциптерин колдонууга жана киргизүүгө, ошондой эле виктимологиялык изилдөөлөрдү даярдоого жана жүргүзүүгө багытталган.

Үч күндүк семинардын алкагында катышуучулар укуктук статистиканы өркүндөтүүнүн ыкмалары, атап айтканда, кылмыштуулукту жана жазык сот адилеттигин статистикалык эсепке алуу тутуму, виктимизация боюнча административдик маалыматтар жана изилдөөлөр, ошондой эле виктимологиялык изилдөөлөрдү пландаштыруу жана өткөрүү боюнча негизги этаптар менен таанышышат.   
Семинарга Ички иштер министрлигинин, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун, Жогорку соттун, Юстиция министрлигинин жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коомдун, Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.


Акыркы жаңылоо: 10.10.2023, 16:23