Кыргыз Республикасында «Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу» пилоттук изилдөөсүнүн талаа кызматкерлери үчүн адистештирилген окутуу семинары башталды

Басылмалардын датасы: 12.02.2026


Кыргыз Республикасында «Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу» пилоттук изилдөөнүн талаа кызматкерлери үчүн адистештирилген окуу семинары башталды.

Семинар 2026-жылдын 11-февралынан 13-февралына чейин Улутстаткомдун Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунда өтүүдө. Ал зомбулук чөйрөсүндөгү биринчи пилоттук изилдөөнү жүргүзүү үчүн интервьюерлерди жана супервайзерлерди комплекстүү даярдоого багытталган.

 Бул семинарды өткөрүү пилоттук изилдөөгө даярдык көрүүнүн милдеттүү жана эң маанилүү этабы болуп саналат. Окутуу программасы изилдөөнүн методологиясын деталдуу үйрөнүүнү, этикалык стандарттарды жана купуялуулук принциптерин сактоону, респонденттердин жана интервьюерлердин коопсуздугун камсыз кылууну, анкетанын түзүмүн жана маалыматтарды киргизүү программасын талдоону, ошондой эле интервью өткөрүү жана суроолордун формаларын туура толтуруу көндүмдөрүн практикалык түрдө иштеп чыгууну камтыйт.

Теманын өзгөчөлүгүн жана социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен аялдар менен иштөөдө сезимтал жана кесипкөй мамилени калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Улуттук статистика комитети гендердик статистиканы өнүктүрүү жана адистердин кесиптик компетенцияларын бекемдөө Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын модернизациялоонун артыкчылыктуу багыттары болуп кала берерин баса белгилейт.

Иш-чара 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашыруунун алкагында, «БУУ-аялдар» түзүмүнүн Регионалдык кеңсесинин жана ЮНФПАнын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулду.


Акыркы жаңылоо: 12.02.2026, 17:29