Улутстатком Көк-Жар айылында ишембилик өткөрдү

Басылмалардын датасы: 04.04.2026


2026-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери төрага Б. Ж. Кудайбергеновдун жетекчилиги алдында айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртууга багытталган кезектеги ишембиликке катышты.

Ишембиликке 200дөн ашуун кызматкер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аймак тиричилик калдыктарынан тазаланып, иретке келтирилди. Мындай демилгелер экологиялык маданиятты калыптандырууга жана жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Тазалык ар бирибизден башталат!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 04.04.2026, 15:10