Улуттук статистика комитети «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте «Смарт-мониторинг» системасы боюнча окутуу өткөрдү
Басылмалардын датасы: 05.03.2026
2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин пресс-борборунда «Смарт-мониторинг» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөө боюнча окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Улутстатком тарабынан «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте уюштурулуп, ага аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча статистикалык жана административдик маалыматтарды сунуштоого жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №303-р «Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоонун бирдиктүү форматын бекитүү жөнүндө» тескемесин ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп, «Смарт-мониторинг» автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүүгө жана аймактардын өнүгүү көрсөткүчтөрүн баалоого багытталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга "Смарт-мониторинг" системасынын электрондук жеке кабинетинин интерфейси, маалыматтарды киргизүүнүн жана жүктөөнүн тартиби, ошондой эле берилген маалыматтын сапатына карата талаптар сунушталды. Мындан тышкары, системаны өнүктүрүүнүн эң маанилүү кадамдары талкууланды.
"Смарт-мониторинг" системасын киргизүү ведомстволор аралык натыйжалуу маалымат алмашууну камсыз кылууга, дашбоарддарды жана интерактивдүү картаны колдонуу менен региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоонун ачыктыгын жогорулатууга жана бардык деңгээлдерде башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
