Улутстатком Москва шаарында каза болгондордун бир туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат
Басылмалардын датасы: 29.08.2016
Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султановдун жетекчилиги астында Борбордук аппараттын бүгүнкү жумушчу чогулушу Москва шаарында ООО “Печатный экспресс” имаратынын өрттөнүүсүндө каза болгон мекендештердин урматына “бир мүнөттүк аза күтүү” менен башталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Борбордук аппараты бул трагедиялуу окуяда каза болгон Кыргызстандын жарандарынын бир туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтып, аза күтүүсүн жана орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөт. Өрт мезгилинде жапа чеккендердин бат айыгуусун тилейт.
