Улутстатком республиканын бардык региондорунда каттоо иштерине тартылган координаторлорду окутууну аяктады
Басылмалардын датасы: 25.02.2022
Улутстатком республиканын аймактарында үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде өтө турган эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча иштерге тартылган координаторлорду окутуп бүттү.
Үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан 24-февралына чейинки аралыкта республиканын бардык региондорунда Улутстаткомдун адистеринин катышуусунда өткөрүлгөн үч күндүк семинардын жүрүшүндө нускамалар жана мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроолор тизмегинин мазмуну, аларды толтуруунун тартиби толугу менен каралды.
Мындан сырткары жер-жерлерде ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыздоо, каттоого болгон даярдыктарга мониторинг жүргүзүү, методологиялык жана техникалык жардам көрсөтүү үчүн региондорго Улутстаткомдун төрагасынын орун басарлары жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, эл каттоо эл жана анын турак жай шарттары жөнүндө маалыматтардын негизги булагы болуп саналат. Каттоонун жыйынтыктары мамлекеттин демографиялык жана социалдык саясат чөйрөсүндө, ошондой эле өлкөнүн жана анын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана стратегиялык программаларын иштеп чыгуу үчүн түздөн-түз пайдаланылат.