Улутстатком 2024-жыл үчүн ИДП боюнча такталган эсептөөлөрдү аяктады

Басылмалардын датасы: 01.12.2025


Такталган маалыматтар боюнча, 2024-жылы ички дүң продукт (ИДП) 1,6 триллионго жакын сомду түздү, бул алдын ала баалоолор боюнча түзүлгөн маалыматтардан 59,6 млрд.сомго жогорулаган. ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен камсыз болду.

2023-жылга салыштырмалуу ИДПнын өсүү темпи 11,5 пайызды түздү, ал эми алдын ала баалоолор боюнча ал 9,0 пайызды түзгөн. Мында кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,8%га жогорулаган (2024 жылдын январь – декабрында алдын ала баалоолор боюнча - 9,3%), товардык өндүрүш тармактарында-12,7%га (2024  жылдын январь-декабрында алдын ала баалоолор боюнча – 8,5%), ал эми продукттарга болгон салыктардын өсүү темпи 14,7%ды түздү (2024 жылдын январь-декабрында алдын ала баалоолор боюнча-9,2%).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52,3%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, бул алдын ала баалоолор боюнча түзүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка жогорулаган, ошол эле учурда товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 33,3%ды түзүп тескерисинче, 0,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн. Мында өнөр жайдын үлүшү 17,0%ды түзүп, 0,5 пайыздык пунктка жогорулаган, курулуштун үлүшү 7,7% пайызды  түзүп тескерисинче, 0,6 пайыздык пунктка төмөндөгөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү мурунку деңгээлинде калды (8,6%).

_________________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы

электрондук почта: eisenkulova@stat.kg; nkuneva@stat.kg;

 тел. +996 (312) 32-46-95, + 996 (312) 32-46-43

 


Акыркы жаңылоо: 01.12.2025, 16:33