Улутстатком тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын статистикалык отчеттуулук системасы иштелип чыгат

Басылмалардын датасы: 18.09.2015


Улутстатком БУУнун Өнүктүрүү программасынын Конституциялык палатага анын ишмердигин ийгиликтүү ишке ашыруу максатында статистикалык отчеттуулук системасын иштеп чыгуу жана орнотуу үчүн көмөк көрсөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердигине көмөк көрсөтүү” долбоорун ишке ашырууга катышат. Бул долбоордун алкагында Конституциялык палата үчүн статистикалык отчеттуулукту түзүү жана аны улуттук статистика системасына интеграциялоо пландалууда, бул Конституциялык палатанын ишмердигинин натыйжалуулугун, конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн өндүрүмдүүлүгүн жана абалын көзөмөлдөөгө, анын өнүгүү динамикасын көрүүгө, өз ишмердигинин натыйжаларын коомчулукка көрсөтүүгө жана өнүгүү чакырууларына өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.  

____________________________________________________________________________________

Отдел социальной        |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 32 46 52                                     

статистики

 

При использовании статистических данных в средствах массовой информации и научных трудах, распространении в информационных сетях, на бумажных, магнитных и иных носителях пользователи обязаны ссылаться на их источник (ст. 17 Закона о Государственной статистике)


Акыркы жаңылоо: 18.09.2015, 09:55