Калкты билим берүү тутумуна тартуунун эң эле жогорку көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында, эң эле төмөн – Ош облусунда белгиленди

Басылмалардын датасы: 30.06.2015


2014/2015 окуу жылдарындагы калкты билим берүү тутумуна тартуунун көрсөткүчү көрсөткөндөй калктын башталгыч, орто жана жогорку окуу тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн мүнөздөгөн билим берүүгө тартуунун жыйынды үлүшү 7-24 жаш курактагы калктын санын 71 пайызга жакынын түздү. Бул курактык топ башталгыч, орто жана жогорку билим берүү тутумундагы окууга тийиштүү болгон бардык калкты камтыйт. Калкты билим берүүгө тартууда кээ бир айырмачылыктар бар. Окуучулардын жана студенттердин жыйынды үлүшүнүн жогорку көрсөткүчтөрү борбордун жашоочуларына гана эмес республиканын калган бардык региондорунун өкүлдөрү үчүн дагы билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кененирээк тандоосу сунушталган Бишкек жана Ош шаарларында (100 пайыздан көп) белгиленди. Тартуунун эң эле төмөн деңгээли Ош облусунда (50 пайызга жакыны) белгиленди.

Аяктап жаткан окуу жылында 7 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдардын 98 пайызынан көбү негизги орто жалпы билим берүүчү уюмдарга (1-9-класстар) барышты. Билим берүүгө тартууда кыздардын жана балдардын ортосундагы олуттуу айырмачылыктар региондордо белгиленген жок. Мурдагыдай эле балдардын эң төмөн тартылуусу жалпы билим берүүчү уюмдардагы 10-11-класстарда окугандардын (54 пайыз), өзгөчө балдардын үлүшүнө (50 пайызга жакыны) туура келет.

2014-жылы мектепке чейинки уюмдарга 7 жашка чейинки курактагы балдардын санынын 19,5 пайызы барышты. Муну менен бирге балдарды мектепке чейинки окууга тартуу шаар жерлеринде 32 пайыздан көбүн түздү, бул айыл жерлерине карганда 2,5 эсеге көп.

 

____________________________________________________________________________________

Социалдык статистика      |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 32 46 52                                    

бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү(“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 08.07.2015, 18:24