Сатып алуучулар тарабынан унга, нанга жана нан азыктарына болгон суроо-талап көбүрөөк болду
Басылмалардын датасы: 17.08.2021
2020-жылы жалпы республика боюнча чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 19%га төмөндөө менен 356 млрд. сомду түздү, бул коронавирус инфекциясынын (COVID 19) жайылышына байланыштуу чектөө чараларынын киргизилиши менен шартталды. Муну менен бирге, чекене соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн кыскарышы республиканын бардык аймактарында белгиленди.
Чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 56%нан көбү азык-түлүк товарларына туура келди, аларды сатуунун көлөмү 2020-жылы 200 млрд. сомдон ашты.
Азык-түлүк товарларын сатууда эң чоң (26%дан ашык) үлүшү ун, нан жана нан азыктарына туура келди, 12%дан ашыгы – эт жана эт азыктарына жана 7%дан ашыгы – алкоголь ичимдиктерине туура келди.
2020-жылда азык-түлүк товарларынын негизги түрлөрүнүн сатылышы
Азык-түлүк эмес товарлардын чекене соода жүгүртүүсүнүн үлүшүнө 44% же 156 млрд. сом туура келди. Мындай товарлардын түзүмүндө сатуулардын эң чоң үлүшүн күйүүчү-майлоочу материалдар (32,6%), курулуш материалдары (14%) жана автоунаалар (8,2%) ээледи. Фармацевтикалык препараттарды сатуунун үлүшү 2,4 эсеге, азык-түлүк эмес товарлардын жалпы көлөмүнүн 2019-жылдагы 3,9%дан 2020-жылы 9,4%га чейин көбөйдү.
Республиканын чекене соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмакты Бишкек шаары (37%га жакынын), Чүй облусу (15%дан көбүн) жана Жалал-Абад облусу (14%дан көбүн) ээледи.
_________________________________________________________________
Соода, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы | e-mail: ltekeeva@stat.kg|
тел. + 996 (312) 324 650, 324 725,324 918.
Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү e-mail: vmambetalieva @stat.kg | тел. + 996 (312) 324725
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).