Кыргыз Республикасындагы илим: цифралар жана фактылар
Басылмалардын датасы: 10.11.2022
Кыргызстандын Илим күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы токтому менен аныкталган жана жыл сайын ноябрда белгиленет.
Кыргыз илиминин калыптанышы, согуш мезгилиндеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, 1943-жылы башталган жана СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюштурулган. 1954-жылдын декабрында Фрунзе шаарында, филиалдын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясы түзүлгөн.
Академиянын илимий кызматкерлеринин ошол мезгилдеги саны 203 адамды түзгөн, алардын 12си илимдин доктору, ал эми 83 - илимдин кандидаты.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясына жогорку мамлекеттик илимий мекеме статусун берүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы болуп кайра түзүлгөн.
2021 - жылы академияда илимий ишмердикти 1 303 адам ишке ашырып, алардын ичинен 126 илимдин докторлору жана 277 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 51% аялдар түздү.
Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2021-жылы 755 млн.сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 4,5% га кыскарган.
Республиканын илимий уюмдары өзүнө изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруучу өз алдынча түзүмдөрдү, ошондой эле жогорку кесиптик окуу жайлардын тийиштүү бөлүмдөрүн, өнөр жай ишканаларынын жана экономиканын башка тармактарынын уюмдарын камтыйт.
2021–жылы республикада 72 илимий уюм, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө -35%, илимдин өндүрүштүк секторна – 29% жана академиялык сектор уюмуна – 30% туура келди.
2020-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (71% ашык) академиялык секторду уюштурууга туура келди.
Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруу менен иштеген адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 2021-жылы 7 миңден ашык адам болгон.
Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 78% жакынын изилдөөчү-адистер түзөт, алардын 41% илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 60% жакынын түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт.
Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.
Аспиранттардын саны 2021-жылы 2,4 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (18%), педагогикалык (13%), экономикалык (10%) жана юридикалык (10%) тармагына туура келди. Аспиранттардын жалпы санындагы аялдардын үлүшү 59% жакынды түздү. Докторанттардын саны 210, анын ичинен 65% аялдар.
2021-жылы илимдин тармактары боюнча аспиранттарды бүтүрүп чыгаруу
( пайыз менен)
2021-жылы 577 аспиранттар бүтүрүлүп чыгарылган. Алардын эң көп үлүшү медициналык (18%), юридикалык (11%) жана техникалык (11%) илимдин тармактарына туура келди.