2023-жылдагы байкоо жүргүзүлбөгөн экономика

Басылмалардын датасы: 18.12.2024


2023-жылы өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (көмүскө, формалдуу эмес жана мыйзамсыз) экономиканын көлөмү 256,5 млрд. сомду, же болбосо, ИДПга карата 19,2 пайызды түздү.
 
ИДПга карата байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу  бир пайыздык пунктка төмөндөдү, бул анын дүң жана чекене соодада, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоону кошкондо 0,5 пайыздык пунктка, курулушта - 0,4 пайыздык пунктка жана транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо ишмердигинде - 0,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳшү менен шартталды.
Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү
(ИДПга карата пайыз менен)
2019-жылга салыштырмалуу байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү 2023-жылы 3,6 пайыздык пунктка төмөндөдү, бул дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоодо (2,9 пайыздык пунктка), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоодо (0,6 пайыздык пунктка) жана иштетүү өндүрүшү (0,5 пайыздык пунктка) ишмердигиндеги анын үлүшүнүн тѳмѳндѳшүнүн негизинде камсыз болду.
 
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн  
экономиканын үлүшү1
(ИДПга карата пайыз менен)
1 Айыл чарбасын эсепке албаганда
 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык  системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 20.12.2024, 11:46