2024-жылдагы байкоо жүргүзүлбөгөн экономика

Басылмалардын датасы: 24.12.2025


2024-жылы өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн (көмүскө, формалдуу эмес жана мыйзамсыз) экономиканын көлөмү 308 млрд. сомду, же болбосо, ИДПга карата 19,5 пайызды түздү.


ИДПга карата байкалбаган экономиканын үлүшү 2024-жылы жана мурунку жылга салыштырмалуу 0,3 пайыздык пунктка жогорулаган, бул иштетүүчү өнөр жай тармактарында анын жогорулашы менен шартталган.

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү
(
ИДПга карата пайыз менен)

2020-жылга салыштырмалуу, 2024-жылы байкалбаган экономиканын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соодадагы; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоодогу (1 пайыздык пунктка) жана транспорттук иш-аракеттердеги жана жүктөрдү сактоодогу (0,9 пайыздык пунктка) үлүшүнүн азайышы менен байланыштуу.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү1
(ИДПга карата пайыз менен)

1 Айыл чарбасын эсепке албаганда.

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел.: +996 (312) 324695; 
 
Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 24.12.2025, 17:13