Сүт өндүрүү жана бир уйдан саалып алынган орточо жылдык сүттүн көлөмү жөнүндө
Басылмалардын датасы: 06.03.2017
2016-жылы сүт өндүрүү 2015-жылдын деңгээлинен 44 миң тоннага же 2,9 пайызга ашып түшүп, 1525 миң тоннага жетти. 1990-жылга салыштырмалуу 2016-жылы сүт өндүрүү 340 миң тоннага же 28,7 пайызга өстү. Негизги сүт өндүрүүчүлөр болуп дыйкан (фермердик) чарбалары жана жарандардын жеке чарбалары эсептелинет.
1-таблица. Кыргыз Республикасындагы чарбалардын категориялары боюнча сүттүн өндүрүлүшү
(миң. тонн)
Көрсөткүчтөрдүн аталышы |
1990 |
2012 |
2013 |
2014 |
2015 |
2016 |
2016 1990 го +,- |
Чарбалардын баардык категориялары |
1 185,0 |
1 382,0 |
1 408,0 |
1 446,0 |
1 481,0 |
1 525,0 |
+340 |
Мамлекеттик чарбалар |
271,3 |
0 |
0 |
0 |
0 |
0 |
-271 |
Коллективдүү чарбалар |
303,5 |
12,0 |
12,0 |
15,0 |
12,0 |
10,0 |
-293 |
Дыйкан (фермердик) чарбалары |
672,0 |
691, |
694,0 |
734,0 |
753,0 |
+753 |
|
Жарандардын жеке чарбалары |
610,2 |
698,0 |
706,0 |
737,0 |
734,0 |
762,0 |
+151 |
Акыркы бир нече жылдардын ичинде сүт өндүрүүнүн өсүшү негизинен уйлардын санынын өсүшү менен жетишилген. Мисалы, 2016-жылдын аягына уйлардын башынын саны 769,9 миң баш болду же бодо малдын жалпы санынын 50,7 пайызын (1527,8 миң баш) түзгөн.
2-таблица. Кыргыз Республикасындагы чарбалардын категориялары боюнча уйлардын саны
(жылдын аягына, баш)
Көрсөткүчтөрдүн аталышы |
1990 |
2012 |
2013 |
2014 |
2015 |
2016 |
2016 1990 го +,- |
Чарбалардын баардык категориялары |
506 159 |
699 339 |
718 516 |
744 336 |
757 423 |
769 933 |
+263 774 |
Мамлекеттик чарбалар |
95 795 |
978 |
925 |
812 |
804 |
405 |
-95 390 |
Коллективдүү чарбалар |
106 164 |
4 934 |
5 342 |
4 679 |
3 924 |
3 421 |
-102 743 |
Дыйкан (фермердик) чарбалары |
106 |
343 655 |
349 605 |
365 853 |
374 821 |
382 552 |
+382 446 |
Жарандардын жеке чарбалары |
304 094 |
349 772 |
362 644 |
372 992 |
377 874 |
383 555 |
+79 461 |
Жогорудагы таблицадан көрүнгөндөй республикада уйлардын санынын туруктуу түрдө өсүшү байкалууда 1990-жылы 506,1 миң баштан 2016-жылы 769,9 миң башка чейин. Уйлардын санынын өсүшү дыйкан (фермердик) чарбаларга жана жарандардын жеке чарбаларына таандык. Ушул эле мзгилде уйлардын санынын кыскарышы мамлекеттик чарбаларда 1990-жылы 95,8 миң баштан 2016-жылдагы 0,4 миң башка чейин, коллективдүү чарбаларда 1990-жылкы 106,2 миң баштан 2016-жылдагы 3,4 миң башка чейин болуп келген.
Бодо малдын, анын ичинде уйлардын санынын өсүшүнө таасир этүүчү себептердин бири болуп, туташ баардык жерлерде жасалма жол менен уруктандыруу пунктарынын ачылышы болду. Алардын саны 2014-жылдагы 409дан 2016-жылы 472ге жетти. Бул иштер эт жана эт-сүт багытындагы, сүт жана сүт-эт багытындагы (швицкая, абердин-ангусская, симментальская, алатауская) тукумдарды жайылтуу максатында аткарылат.
Сүт багытындагы уйларды баалоонун негизги көрсөткүчү болуп бир уйдан саалган сүттүн көлөмү каралат.
3-таблица. Бир уйдан саалган орточо жылдык сүт
(килограмм)
Көрсөткүчтөрдүн аталышы |
1990 |
2012 |
2013 |
2014 |
2015 |
2016 |
2016 1990 го +,- |
Чарбалардын баардык категориялары |
2 438 |
2 023 |
2 013 |
2 009 |
1 998 |
1 978 |
- 460,3 |
Мамлекеттик чарбалар |
2946 |
982 |
648 |
1 298 |
1 320 |
316 |
- 2630,0 |
Коллективдүү чарбалар |
3034 |
3 128 |
3 128 |
3 347 |
3 166 |
2 592 |
- 442,0 |
дыйкан (фермердик)чарбалары |
1 992 |
1 987 |
1 970 |
2 007 |
1 954 |
|
|
жарандардын жеке чарбалары |
2054 |
2 040 |
2 028 |
2 030 |
1 978 |
1 998 |
- 56,0 |
Жогорудагы таблицадан көрүнгөндөй 2016-жылы бир уйдан орточо саалган сүт 1978 кг болду, төмөндөө 2013-жылдан бери байкалган, бирок коллективдүү чарбаларда республикалык деңгээлден жогору болуп, 2592 кг түзөт.
2016-жылы бир уйдан орточо саалган сүт 1990-жылга салыштырганда 460,3 кг же 18,9 пайызга азайган.
Бул көрсөткүчтүн азайышынын негизги себеби аларды тоюттандыруунун рациону өзгөргөндөн болду. Бул жагдай төмөнкү таблицадан көрүнүп турат.
4-таблица. Кыргыз Республикасы боюнча тоют камдоо
(баардык категориядагы чарбалар, миң. тонн)
Тоюттун түрлөрү |
1990 |
2000 |
2012 |
2013 |
2014 |
2015 |
2016 |
2016 1990 го +,- |
Катуу тоют, баардыгы |
4144,5 |
2839,2 |
3260,3 |
3342,9 |
3239,7 |
3603,2 |
3874,9 |
-269,6 |
чөп |
1564,9 |
1850,7 |
2262,8 |
2266,6 |
2161,7 |
2391,8 |
2630,9 |
+1066 |
Саман |
891,0 |
888,2 |
955,1 |
1043,2 |
1046,3 |
1183,5 |
1215,3 |
+324,3 |
сенаж |
1688,6 |
100,3 |
42,4 |
33,1 |
31,6 |
27,9 |
28,7 |
-1659,9 |
Силос |
2417,5 |
120,8 |
50,7 |
50,4 |
39,6 |
42,0 |
41,8 |
-2375,7 |
Катуу жана чыктуу тоют, баардыгы, тоют бирдигинде |
2317,7 |
1214,9 |
1382,6 |
1400,9 |
1335,2 |
1504,7 |
1620,5 |
-697,2 |
Данфуражга керектелген тоют |
743,1 |
697,5 |
935,7 |
978,2 |
1001,3 |
1052,1 |
1052,1 |
+309 |
Колхоз жана совхоздор жоюлгандан кийин тоюттандыруу рационунда 30 пайызды түзүүсү шарт болгон чыктуу тоюттардын (силос ж.б.) жана сенаждын камдоосу кескин кыскарылган.
Эгерде 1990-жылдарда республикада 2,4 миң тонна силос, 1,7 миң тонна сенаж дайындалса, акыркы бир нече жылдарда силосту даярдоо көлөмү 0,041 миң тонна жана сенажды – 0,028 миң тоннага гана жетти.
Жогорууда айтылгандай 2016-жылы бир уйдан саалган 1978 кг сүт тоюттандыруу рационунун толук кандуу болбогондугунан келип чыгып жаткандыгы, ушундан улам «Уйдун сүтү тилинде» деп элде бекер кеп айтылбаары байкалды.
Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгы /e-mail:gmupsabekova@stat.kg
/тел.+996 (312)664043
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магнитик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).