2024-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы ишканаларынын кирешелеринин көлөмү 115 млрд. сомдон ашты

Басылмалардын датасы: 22.11.2024


2024-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 619 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 581 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 16 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүздү. Финансы секторундагы уюмдардын клиенттик базасы бир жылдын ичинде 4 миллиондон ашык көбөйүп, 2024-жылдын сентябрынын аягына карата 15,7 миллионду түздү. Анын көбөйүшү, негизинен, мобилдик банкинг системасына кошулган банк кардарларынын санынын өсүшү, микрофинансылык уюмдар аркылуу онлайн кредит берүү системасынын өнүгүшү, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды. 
 
2024-жылдын 9 айында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин суммардык көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26%га (дээрлик 24 млрд. сомго) көбөйүп, 115 млрд. сомдон ашты, бул негизинен коммерциялык банктарынын кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды.
 
Январь-сентябрдагы экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердигинин көрсөткүчтөрү
 (млн. сом)

 

Кирешелер

Жалпы

чыгымдар

Сальдолоштурулган
финансылык жыйынтык

2023

2024

2023

2024

2023

2024

Бардыгы

91 313,5

115 070,7

58 512,4

80 597,4

32 809,5

34 430,5

Банктар

78 934,3

98 735,1

49 753,9

68 958,1

29 187,3

29 735,3

Күрөөканалар

1 189,8

1 381,7

843,3

610,6

345,8

770,7

Кредиттик бирликтер

162,8

170,8

125,2

132,0

37,6

38,8

Микрокредиттик уюмдар

8 261,5

10 951,9

5 393,4

7 628,4

2 870,3

3 322,7

Камсыздандыруу уюмдары

2 728,4

3 794,8

2 374,5

3 242,8

353,9

552,1

Башка уюмдар

36,7

36,4

22,1

25,5

14,6

10,9

 

Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторундагы ишканалар тарабынан 34 млрд. сомдон ашык пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 5%га көп. Коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын, ломбардардын  жана камсыздандыруу уюмдарынын пайдасынын көбөйүшү байкалды. Финансы секторундагы ишканалардын дээрлик 63%ы пайда алышты, ал эми 17%га жакыны чыгым тартты.
 
2024-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 352 млрд. сомдон ашты, мында банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85%ы туура келди. Кредиттерди берүүнүн негизги багыттары керектөө муктаждыктары (жалпы көлөмдүн 30%га жакыны), соода чөйрөсү (24%ы), айыл чарбасы (15,7%) жана ипотека (10,6%) болуп саналды.
 
___________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү        |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 625591, 626073
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 

Акыркы жаңылоо: 22.11.2024, 09:16