2019-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгүнүнүн сереби
Басылмалардын датасы: 19.06.2020
2019-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларынын ишмердиги учурда иштеп жаткан ишканалардын санынын өсүшү, дүң кирешенин өсүшүнүн оң темптерин сакталышы, рентабелдүү ишканалардын санынын өсүшү, ошондой эле жылдын жыйынтыктары боюнча оң сальдолоштурулган финансылык натыйжа (пайда) алуу менен мүнөздөлгөн.
Экономиканын реалдуу секторунда 20,9 миң ишканалар жана уюмдар ишмердигин жүргүзүштү. Жалпы алардын санынын 27,1 пайызы соода чөйрөсүнө, 14,9 пайызы - өнөр-жай тармагына, 11,7 пайызы - курулушка, 11,2 пайызы - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик уюмдарына туура келген.
2019-жылдын жыйынтыктары боюнча ишканалар тарабынан оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 47,7 млрд. сом өлчөмүндө киреше алынды, бул 2018-жылга караганда 1,8 эсеге же 20,7 млрд. сомго көп. Рентабелдүү ишканалардын үлүшү алардын жалпы санынын 34,2 пайызын, ал эми чыгым тарткан ишканалардын үлүшү - 21,9 пайызын түздү.
Аймактар боюнча бөлүнүшүндө, Нарын, Талас жана Баткен облустарынан башка, республиканын бардык региондорунун ишканалары тарабынан киреше алынды.
2015-жылды кошпогондо, акыркы беш жылдын ичинде финансылык көрсөткүчтөрдүн талдоосу экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын финансылык-чарбалык ишмердиги рентабелдүү бойдон калганын көрсөттү.
2019-жылы экономиканын реалдуу секторунун ишканалары боюнча сатуулардын рентабелдүүлүгү 10,3 пайыз өлчөмүндө аныкталган, бул өткөн жылдын деңгээлинен 3,9 пайыздык пунктка жогору. Сатуулардын рентабелдүүлүгү кирешенин канча бөлүгү уюмдун алган кирешесинде жаткандыгын көрсөтүп турат, ага жараша, экономиканын реалдуу секторунун ишканалары тарабынан алынган кирешенин (дүң кирешенин) 1 сомунан орточо 0,10 сом (10 тыйын) пайда алынган.
Ченемдерге ылайык, жогорку рентабелдүүлүктүн категорияларына 20 пайыздан 30 пайызга чейинки чектеги сатуулардын рентабелдүүлүк деңгээлине ээ болгон ишканалар кирет. 2019-жылы жогорку рентабелдүүлөргө кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча уюмдар (24,0 пайыз), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (23,0 пайыз) жана соода (22,9 пайыз) чөйрөлөрүндөгү уюмдар кирген.
Рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли, пайдалуу кендерди казуу, маалымат жана байланыш ишканаларында, административдик жана көмөкчү ишмердиктер, ошондой эле финансылык ортомчулук уюмдарда алардын мааниси 10 пайыздан 20 пайызга чейинки чектерде болуп келген.
Айыл чарба, иштетүү өндүрүшү, курулуш, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, башка тейлөө ишмердиктери сыяктуу ишмердиктин түрлөрүн жүргүзүүчү ишканалар сатуу рентабелдүүлүгүнүн 10 пайыздан азыраак деңгээлине жетишишти жана өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча рентабелдүүлүгү төмөн категорияга киришти. Муну менен бирге, анысына карабастан, алардын ишмердиги рентабелдүү экендигин белгилей кетүү керек.
Муну менен катар, 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) боюнча ишканалары, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (геологиялык чалгындоону кошкондо), мейманканалар жана ресторандар, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу уюмдары чыгымдарга жол беришти, бул сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн терс маанилерин алууга алып келди.
Таблица: Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү *
(пайыз менен)
|
2015 |
2016 |
2017 |
2018 |
2019 |
---|---|---|---|---|---|
Бардыгы |
-8,5 |
13,4 |
6,7 |
6,4 |
10,3 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
-5,8 |
12,2 |
15,6 |
6,3 |
7,7 |
Пайдалуу кендерди казуу |
-102,8 |
15,6 |
12,0 |
10,4 |
15,0 |
Иштетүү өндүрүшү |
0,4 |
12,4 |
10,1 |
8,1 |
9,4 |
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо |
-43,4 |
9,5 |
-22,6 |
-11,0 |
-5,8 |
Cуу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды |
-9,7 |
0,9 |
-6,1 |
-1,8 |
0,8 |
Курулуш |
-6,3 |
10,7 |
3,6 |
3,1 |
2,7 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды |
0,5 |
19,5 |
22,7 |
20,3 |
22,9 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
4,9 |
14,9 |
15,3 |
10,5 |
23,0 |
Мейманканалар жана ресторандар |
-24,4 |
0,0 |
-7,4 |
-2,5 |
-6,1 |
Маалымат |
15,4 |
13,1 |
17,5 |
12,0 |
14,5 |
Байланыш |
26,3 |
19,5 |
20,3 |
17,9 |
17,9 |
Финансылык ортомчулук |
1,0 |
25,3 |
20,6 |
30,9 |
15,5 |
Кыймылсыз мүлк операциялары |
-10,9 |
20,2 |
21,8 |
17,0 |
24,0 |
Кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик |
-140,8 |
15,9 |
-60,5 |
-49,9 |
-3,0 |
Административдик жана көмөкчү ишмердик |
6,2 |
14,5 |
16,0 |
14,1 |
15,8 |
Билим берүү |
5,4 |
5,0 |
3,1 |
3,7 |
5,1 |
Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө |
-1,3 |
7,4 |
4,8 |
7,0 |
8,4 |
Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу |
-3,4 |
6,6 |
-3,5 |
4,1 |
-3,3 |
Башка тейлөө ишмердиктери |
5,0 |
18,4 |
22,8 |
19,2 |
8,5 |
*Сатуулардын рентабелдүүлүгү, отчеттук мезгилде ишкана тарабынан алынган продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн киршеге (дүң кирешеге) карата сальдолоштурулган финансылык натыйжанын (чыгымдын) катышы катары эсептелди.
_______________________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).