Микрокредит алуучулардын санынын 26 пайызга жакыны Бишкек шаарына туура келди

Басылмалардын датасы: 19.11.2024


2024-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 47 млрд. сомдон ашык суммада кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 918 миң адамдан ашты. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,7 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 28,4%га көбөйдү.
 
Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин берилиши
Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 26%га жакыны), Ош облусуна (дээрлик 16%ы), Жалал-Абад (14%ы) жана Чүй облустарына (13,5%) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 23%га жакыны), Ош (16%ы), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15%дан) алуучуларына берилди.
 
2024-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 53%га жакыны - керектөө муктаждыктарына, 20%ы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,  12%га жакыны - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 5%ы курулушка багытталды. Муну менен бирге өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарга берилген микрокредиттердин үлүшүнун көбөйүшү - 4,9 пайыздык пунктка байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү, тескерисинче, 3,6 пайыздык пунктка кыскарды.
 
Январь-сентябрдагы калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  
  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)
___________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 19.11.2024, 09:54