2024-жылы берилген микрокредиттердин 54 пайызга жакыны керектөө муктаждыктарына багытталды

Басылмалардын датасы: 28.03.2025


2024-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 65 млрд. сомду түздү, мында алуучулардын саны бир миллион адамдан ашты. Микрокредиттерди алган калктын саны 2023-жылга салыштырганда 1,5 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 28,4%га көбөйгөн.
 
Калкка микрокредиттердин берилиши
 
Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 24%ы), Ош облусунун (16%га жакын), Чүй (15%) жана Жалал-Абад облустарынын (15%га жакын) алуучуларына берилген. Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны ушул эле аймактарга туура келди.
 
2024-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 54%га жакыны керектөө муктаждыктарына, 19%ы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү - 12%га жакын,  курулушка - 5%га жакынды түздү.
 
Алуу максаттары боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)
 
 
_____________________________________________________________________________________
Финансы жана баалар статистикасы башкармалыгы          |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 
 

Акыркы жаңылоо: 28.03.2025, 15:56