2024-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн чаап-жыйноонун темпи бир кыйла жогорулагандыгы белгиленди

Басылмалардын датасы: 12.08.2024


Республикада негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулаган. Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата абалы боюнча алгачкы кабыл алынган салмакта 617,4 миң тонна дан жыйналып, бул 51 пайызга көп. Ошону менен бирге, өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата салыштырганда дан өсүмдүктөрү  (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок) 224,9 миң гектардан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,4 пайызга аз бастырылды.  

23-июлга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйналышы

 

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата

 

2023

2024

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречиханы кошпогондо), миң га

245,4

224,9

-20,5

91,6

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

408,8

617,4

208,6

151,0

1 гектардан, ц

16,7

27,5

10,8

164,7

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

236,0

327,5

 91,5

138,8

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

172,4

289,0

116,6

167,6

Казылган картошка аянты, миң га

9,0

9,7

0,7

107,8

Жыйналган картошка, миң т

145,4

155,5

10,7

106,9

Жыйналган жашылча  өсүмдүктөрү , миң т

278,2

320,9

42,7

115,3

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү , миң т

100,0

137,5

37,5

137,5

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң т

51,2

66,1

14,9

129,1

Өткөн жылдын ушул күнү менен салыштырганда,  арпанын дүң  жыйымы (67,6 пайызга),  буудай (38,8 пайызга), бахча өсүмдүктөрү (37,5 пайызга), мөмө-жемиштер (29,1 пайызга) жашылча (15,3 пайызга) жана картошка (6,9 пайызга)  өскөн.       

Жалпы республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган аянтына карата - 37 пайызды түзүп, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында -57 пайыз, Жалал-Абад  облусунда - 36 пайыз жана Ош облусунда - 31 пайызды түздү.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 12.08.2024, 14:03