Жылдын жыйынтыгында ички дүң продукттун өсүшү 7 пайызды түздү
Басылмалардын датасы: 13.01.2023
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 7% өсүү менен 919 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,9% өсүп, 863,8 млрд. сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана кызмат көрсөтүү тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,7% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,8% өстү.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,1%) 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 1,9 пайыздык пунктка өскөн.
Ошол эле убакта, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,3 пайыздык пунктка төмөндөп 36,2% түздү. Муну менен бирге, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу ИДПнын түзүмүндөгү айыл чарбасынын үлүшү 1,7 пайыздык пунктка, өнөр жайдын үлүшү - 1,2 пайыздык пунктка жана курулуштун - 0,4 пайыздык пунктка кыскарды.
2022-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери |
Жыйынтыкка карата пайыз менен |
|
2021 |
2022 |
|||
ИДП |
919 444,6 |
107,0 |
100,0 |
100,0 |
Товар өндүрүү тармактары |
332 469,3 |
109,7 |
39,5 |
36,2 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы |
111 440,7 |
107,3 |
13,8 |
12,1 |
Өнөр жай |
152 925,6 |
112,2 |
17,9 |
16,7 |
Пайдалуу кендерди казуу |
23 222,0 |
108,2 |
2,9 |
2,5 |
Иштетүү өндүрүшү |
114 014,8 |
116,4 |
12,9 |
12,4 |
Электр энергия, газ, буу жана |
||||
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
13 413,5 |
91,7 |
1,7 |
1,5 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
2 275,3 |
91,3 |
0,4 |
0,3 |
Курулуш |
68 103,0 |
108,0 |
7,8 |
7,4 |
Кызмат көрсөтүү тармактары |
451 364,2 |
104,8 |
47,2 |
49,1 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо |
161 112,7 |
107,7 |
17,5 |
17,5 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
33 491,4 |
110,1 |
3,9 |
3,6 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги |
13 865,5 |
123,8 |
1,3 |
1,5 |
Маалымат жана байланыш |
22 651,4 |
105,8 |
2,8 |
2,5 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
220 243,2 |
100,3 |
21,7 |
24,0 |
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар |
135 611,1 |
107,0 |
13,3 |
14,7 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).