Басылмалардын датасы: 15.07.2025
Ички дүң продукт 2025-жылдын январь-июнунда алдын ала баалоо боюнча 711,2 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (1,7 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (44,0 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (33,2 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (31,4 пайызга), химиялык продукциялардын (24,5 пайызга), тазаланган мунайзат продуктуларынын (17,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (10,8 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 42,5 пайызды, дүң жана чекене соода – 12,1 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 3,8 пайызды түздү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 4,0 пайызды түздү. Мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына – 3,4 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,2 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 1,3 пайызга жогорулаган.
Ушул жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды. Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (4,9 пайыз) Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (6,5 пайызга) кымбатташы менен шартталды. Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына болгон баанын жогорку өсүшү (7,1 пайыз) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (3,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (4,7 пайыз) Нарын облусунда катталган.
Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-майында 5 771,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 27,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 11,7 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-майында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 1 856,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 7,4 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,5 пайыз) туура келди.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт Экспорт
Презентациялар:
****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: +996(312)625747
e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилишет).