Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24 пайызга көбөйдү
Басылмалардын датасы: 21.07.2021
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салшытырмалуу 24,3% га көп.
Январь-июнда пневмония оорусуна чалдыгуулардын саны
|
Бардыгы - учурлар |
Пайыз менен |
||
---|---|---|---|---|
2020 |
2021 |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгили
|
жыйынтыкка |
|
|
||||
Кыргыз Республикасы |
13 026 |
16 190 |
124,3 |
100 |
Баткен облусу |
1 811 |
1 353 |
74,7 |
8,4 |
Жалал-Абад облусу |
2 659 |
2 852 |
107,3 |
17,6 |
Ысык-К¼л облусу |
1 326 |
2 137 |
161,2 |
13,2 |
Нарын облусу |
706 |
1 203 |
170,4 |
7,4 |
Ош облусу |
2 193 |
2 451 |
111,8 |
15,1 |
Талас облусу |
781 |
624 |
79,9 |
3,9 |
Ч³й облусу |
2 020 |
3 285 |
162,6 |
20,3 |
Бишкек ш. |
1 188 |
1 875 |
157,8 |
11,6 |
Ош ш. |
342 |
410 |
119,9 |
2,5 |
|
|
|
|
|
Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда - 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3 пайызга жана Талас облусунда - 20,1 пайызга төмөндөдү.
Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна - 20,3%, Жалал-Абад облусуна - 17,6% жана Ош облусуна - 15,1% туура келди.
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).