2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү
Басылмалардын датасы: 17.11.2020
Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-ж. январь-сентябрында пневмония ооруларынын 26 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийешелүү мезгилинде 24 миң учур катталган.
Январь-сентябрда пневмония оорусу
(учурлар)
2019 |
2020 |
|
Кыргыз Республикасы |
23 990 |
26 048 |
Баткен облусу |
3 201 |
2 292 |
Жалал-Абад облусу |
4 539 |
3 888 |
Ысык-Көл облусу |
2 144 |
4 160 |
Нарын облусу |
1 316 |
1 705 |
Ош облусу |
4 722 |
3 975 |
Талас облусу |
1 111 |
1 234 |
Чүй облусу |
3 625 |
4 043 |
Бишкек шаары |
2 178 |
4 166 |
Ош шаары |
1 135 |
545 |
Медициналык кызмат көрсөтүүчү башка обочолонгон аймактык бөлүмдөр |
19 |
40 |
Пневмония оорусунун кыйла көбөйүшү өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда - 11,5 пайызга белгиленди.
2020-ж. январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы - шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына - 7 пайызы туура келди.
Ушул эле учурда, 2019-ж. январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.
Өткөн жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында 23 өлгөндөрдү түзгөн же 2,5 эсеге көп.
_____________________________________________________________________________________________________
Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042
Демографиялык статистика бөлүмү e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)