Жалпы өлкө боюнча каттоочулардын эл жашаган турак жай курулуштарынын жана жайларынын тизмесин түзүү боюнча иши башталды
Басылмалардын датасы: 16.05.2019
«Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.
2019-жылдын 22-апрелинен тартып, бир ай ичинде жалпы өлкө боюнча даректик регистрди тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чарага 3386 каттоочулар тартылган, алар эл жашаган турак жай курулуштарынын жана жайларынын тизмесин тактоо, ошондой эле жашаган калктын санын аныктоо үчүн өздөрүнүн участокторун кыдырып чыгышы керек.
____________________________________________________________________________________
Статистикалык каттоолор бөлүмү
e-mail: r.chynybaeva@stat.kg
тел. + 996 (312) 32 53 36