Туруктуу калктын саны жөнүндө аналитикалык материал даярдалды

Басылмалардын датасы: 22.06.2016


2016-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны баалоо боюнча 6 млн. 20 миң адамды түздү, калктын үчтөн бири (33,7 пайызы) шаар жерлеринде жана үчтөн экөө (66,3 пайызы) – айыл жерлеринде жашашкан. Ошол эле убакта КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү үчүн шаар калкынын айыл калкына басымдуу болушу мүнөздүү. Ошентип айыл калкынын үлүшү боюнча Кыргызстан агрардык өлкөлөрдүн санына кирет.  

2015-жылдагы республиканын калкынын санынын өсүү темпи 2,1 пайызды түздү, бул дүйнөлүк өлчөм боюнча бир топ жогору болуп саналат. Айылда шаарга салыштырмалуу төрөлүү жогору болгондуктан шаар жана айыл тургундарынын бул көрсөткүчүндөгү айырма кичине эле, бирок бул жерде миграциялык сальдо калктын өлкөдөн тышкары чыгуусу гана эмес республиканын шаар жерлерине дагы чыгуусунун эсебинен терс мааниге ээ. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында, Баткен жана Ош облустарында – 2,3-2,5 пайыз, төмөнкү көрсөткүч – Нарын жана Ысык-Көл облустарында - 1,1-1,3 пайыз белгиленди
(1-таблица).

1-таблица: Туруктуу калктын саны жана аймактар боюнча калктын санынын өсүүсү

 

Туруктуу калктын саны, миң адам

2015-ж. калктын санынын өсүүсү

анын ичинде, %

 

2016-ж.
1-январына карата

2015.
1-январына карата

миң адам

%

табигый

өсүүнүн эсебинен

миграциялык өсүүнүн эсебинен, кетүү агымынын эсебинен (-)

Кыргыз Республикасы

6019,5

5895,1

124,4

2,1

2,2

-0,1

Баткен облусу

492,6

480,7

11,9

2,5

2,7

-0,2

Жалал-Абад облусу

1146,5

1122,4

24,1

2,1

2,3

-0,2

Ысык-Көл облусу

470,1

463,9

6,2

1,3

1,6

-0,3

Нарын облусу

277,6

274,5

3,1

1,1

1,6

-0,5

Ош облусу

1259,7

1228,4

31,3

2,5

2,6

-0,1

Талас облусу

251,3

247,2

4,1

1,7

2,2

-0,5

Чүй облусу

887,5

870,3

17,2

2,0

1,8

0,2

Бишкек ш.

958,5

937,4

21,1

2,3

2,0

0,3

Ош ш.

275,7

270,3

5,4

2,0

2,1

-0,1

 

Республиканын калкынын жалпы санын жалпысынан аялдар басымдуулук кылат. 2016-ж. башына карата 2 млн. 981 миң адамды (49,5 пайыз) эркектер жана 3 млн. 39 миңди (50,5 пайыз) – аялдар түздү. Бирок төрөлүү көп болгон региондордо (Баткен,
Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустары) эркектин саны аялдын санынан ашат.

БУУнун шкаласына ылайык эгерде бардык калктагы 65 жаш жана андан улуу курактагы адамдардын үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет; эгерде 4 пайыздан 7 пайызга чейинки интервалда болсо – калк карылык алдында; эгерде 7 пайыздан жогору болсо – картайган калк деп эсептелет. Кыргызстан калктын жаш курамы менен айырмаланат. 2016-ж. башына карата 65 жаш жана андан улуу куракта 265,3 миң же кыргызстандыктардын 4,4 пайызы болушкан, бул башка өлкөлөрдүн көрсөткүчүнөн олуттуу төмөн (мисалы, 2015-ж. башына карата Казакстан - 7 пайызга жакыны, Молодова – 10 пайыз, Россия – 13 пайыз, Украина – 16 пайызга жакыны). Ал эми Кыргызстанда БУУнун божомолу боюнча бул тенденция болжол менен 2030-ж. карыган адамдардын саны дээрлик эки эсе көбөйгөндө билинет.

6 млн. 20 миң адамдын ичинен 2 млн. 8 миң адамды (калктын жалпы санынын 33,3 пайызын) балдар жана өспүрүмдөр түздү, 3 млн. 586 миң адамды (59,6 пайызын) – эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдар жана 426 миң адамды (7,1 пайызын) – эмгекке жөндөмдүү курактан улуу адамдар түздү.

Жыныстар теңдемсизи болжол менен 40 жашта белгиленет жана 80 жаштан улуу курактагы аялдардын саны эркектердин санынан дээрлик 2 эсеге көп (бул басымдуулук негизинен эркектердин жана аялдардын курактык өлүмүндөгү айырмачылыктар менен шартталды).

Кыргызстандын калкынын орточо курагы акырындык менен көбөйүп, 2016-ж. башына карата эки жыныс үчүн тең 27,4 жашты, эркектер - 26,4, аялдар – 28,3 жашты түздү. Эң эле жаш калк Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында – 26 жаш, эң эле улуу калк - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда – эки жыныс үчүн тең 30 жашка жакыны жашашат.

Азыркы убакта эмгекке жөндөмдүү жана эмгекке жөндөмсүз курактагы калктын санынын катышы өзгөрүлдү, мында демографиялык жүктөмдүн коэффициенти (эмгекке жөндөмдүү курактагы калктын 1000ине жаш, ошондой эле эмгекке жөндөмдүү курактан улуу калктын санынын катышы) көбөйүп, 2015-ж. аягына карата 679 адамды түздү. Эң жогорку көрсөткүч Нарын жана Талас облустарында (772-803 адам), эң төмөн – Ош жана Бишкек шаарларында (572-573 адам) катталды.

Эмиграциянын, ошондой эле айырмачылыктардын натыйжасында табигый кайта өндүрүү деңгээлинде калктын улуттук курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыздардын, өзбектердин жана башка улуттардын үлүшү көбөйүп, орустардын, украиндердин, белорустардын, еврейлердин, немецтердин жана башкалардын үлүшү төмөндөдү. Бирок 1990-жылдардагы, 2000-жылдардын башындагы жогору эмиграцияга карабастан өлкөдө тарыхый жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү сакталып калды. Кыргызстанда бардыгы болуп 100дөн ашык улут жашайт, анын ичинен эң эле (2015-ж. аягына карата маалыматтар боюнча) кыргыздар – 4 млн. 393 миң адам (калктын жалпы санынын 73,0 пайызы), өзбектер – 879 миң адам (14,6 пайыз) жана орустар – 361 миң адам (6,0 пайыз) көп.

 

 

 

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү              e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

 

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 22.06.2016, 09:33