2021-жылдагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 26.02.2022
Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2021-жылдагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына алгандагы азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, 2020-2021-жылдардын IV кварталындагы тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2021-жылдын 9 айы үчүн 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылмалар» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.
________________________
Үй чарбалар статистикасы бөлүмү | e-mail:y.kalymbetova @stat.kg | тел. + 996 (312) 324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).