2021-жылдын I кварталында “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 26.05.2021
Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2021-жылдын I кварталында өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздалган абалынын талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүү көрсөткүчтөрү, анын калктын киши башына алгандагы керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилди жана системалаштырылды.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын сереби (обзор), тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2020-жылда 5 016 үй чарбанын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамак-аш теңдеми, ошондой эле бир катар жылдардагы азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылмалар» бөлүгүн караңыздар.
________________________________________________________
Үй чарба статистикасы бөлүмү
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
статистикасы башкармалыгы | e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324655
Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).