2022-жылдын I кварталындагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 03.06.2022
Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2022-жылдын I кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздуулук абалынын талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүүнүн көрсөткүчтөрү, анын калктын жан башына алгандагы керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2021-жылдагы 5016 үй чарбанын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылмалар» бөлүмүн караңыздар.
________________________________________________________