2020-жылдын III кварталына карата “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды
Басылмалардын датасы: 26.11.2020
Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2020-жылдын III кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына карата азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.
Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2020-жылдын январь-июнундагы 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылма» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.
______________________________________________________________________________________
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы
Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail: NKerimalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324691
| e-mail:y.kalymbetova @stat.kg | тел. + 996 (312) 324655 |
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын
30-беренеси).