«Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим» аттуу статистикалык жыйнак басмага даярдалды»

Басылмалардын датасы: 18.09.2023


Бул жыйнак Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы 5 жылдагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө болуп жаткан тенденцияларды толук чагылдырган басмасы болуп саналат. Статистикалык жыйнак түрлөрү жана аймагы, окутуу тили, менчик формасы боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны, ошондой эле алардагы балдардын жана педагогикалык кызматкерлердин саны жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

 Шаар конуштарындагы жана айыл жерлериндеги күндүзгү билим берүү уюмдарынын ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү, менчик формасы, окутуу тили, нөөмөттүүлүгү, ошондой эле алардагы окуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин саны чагылдырылган. Мындан тышкары, кошумча билим берүү, атайын билим берүү программасын ишке ашыруучу атайын билим берүү уюмдары, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттар жөнүндө маалыматтар берилди. Жалпы орто билим берүү уюмдарындагы 2022/2023-окуу жылынын башталышына карата сабактарга кирише элек балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны жөнүндө маалымат берилди.

Республиканын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын саны, ЖОЖдон кийинки билим берүү, окуучулардын жана студенттердин, аспиранттардын жана докторанттардын жынысы, курагы боюнча саны, ошондой эле билим берүү профили жана илим тармактары боюнча адистерди кабыл алуу жана бүтүрүп чыгаруу жөнүндө маалыматтар келтирилет.

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган КМШ өлкөлөрүнөн жана КМШдан тышкаркы чет өлкөлүк жарандардын - студенттердин саны жөнүндө маалымат берилди.

Жыйнактын электрондук версиясын Улутстаткомдун расмий сайтынан (www.stat.kg) «Басылмалар» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот http://www.stat.kg/ru/publications/sbornik-kyrgyzstan-v-cifrah/.


Акыркы жаңылоо: 19.09.2023, 15:32