«2024 жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын өлчөмү жөнүндө жыйынтыктоочу» жылдык басылма басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 12.08.2024


Басылма бүтүндөй республика жана анын аймактары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү, айдоо аянттарынын өлчөмү боюнча такталган маалыматтардын негизинде толук маалыматты камтыйт. Жазгы жана күздүк себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын өлчөмдөрү келтирилип, анын ичинде кошумчаланып түрлөрү боюнча жашылчалардын себүү маалыматтары камтылган.

Басылмада өткөн жылга салыштырмалуу республикадагы айдоо аянттарынын структурасын мүнөздөгөн, түрлөрү боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты жөнүндө маалыматтарды камтыган 40 ка жакын чыгаруу таблицалары иштелип чыккан.

Чыгарылыштын электрондук версиясы Улутстаткомдун расмий сайтында  (www.stat.gov.kg) адреси аркылуу "Басылмалар", "Айыл чарба" бөлүмүндө жеткиликтүү.

 

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Акыркы жаңылоо: 12.08.2024, 15:55